Sign In
ЕАЭБ жана Иран өз ара сооданы активдештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

ЕАЭБ жана Иран өз ара сооданы активдештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

07.07.20

7-июлда видеоконференция режиминде ЕАЭБдин жана Ирандын Биргелешкен комитетинин алгачкы отуруму болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын ортосундагы Убактылуу макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу учурдагы жагдайды жана жалпы эле соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты.

"Биз тараптар Убактылуу макулдашууну толук кандуу ишке салуу жана преференцияларды берүү боюнча формалдуу кадамдарды ишке ашыргандыгын констатацияладык. Учурда акыркы мезгилдерде өз ара соода жүргүзүүдө пайда болгон терс тенденцияларды өзгөртүүгө басым жасоодобуз. Макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүү өсүш катализаторуна айланууга тийиш, жана бул өсүш өз ара пайдалуу болууга тийиш, – деп ЕЭКтин соода боюнча министри, Биргелешкен комитеттин теңтөрагасы Андрей Слепнёв белгиледи.

Өз ара сооданын учурдагы көрсөткүчтөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын экономикалык операторлорунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү үчүн мүмкүн болгон иш-аракеттер, анын ичинде соода бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контроль жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкуунун негизги темаларынан болду. Өз ара кызыкчылыкка ээ болгон маселелерди кеңирирээк талкуулоо үчүн Биргелешкен комитеттин алдында адистештирилген эксперттик жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв жана Ирандын өнөр жай, шахталар жана соода министринин орун басары, Ирандын Соодага көмөк көрсөтүү боюнча уюмунун Президенти Хамид Задбум теңтөрагалык кылган Биргелешкен комитеттин отурумунда ЕЭК Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Олег Панкратов, ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдары жана эксперттери, Ирандын жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышышты.​

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу 2018-жылдын 17-майында түзүлгөн жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген. Биргелешкен комитет ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуунун 1.5-беренесине ылайык түзүлгөн.