Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы "жашыл кордорлор" коопсузураак болмокчу

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы "жашыл кордорлор" коопсузураак болмокчу

Фото-2.jpg
07.07.20

ЕЭК Коллегиясы COVID-19дун таралышына жол бербөө үчүн санитардык-эпидемиологиялык сунуштамаларды бекитти. Документ ЕАЭБдин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы "жашыл коридор" объектилеринин ишин уюштуруу, анын ичинде алдын алуу жана дезинфекциялоо иш-чараларын өткөрүү боюнча сунуштарды камтыйт. Мындай объектилерге май куюучу жайлар, техникалык жактан тейлөө пункттары, айдоочулардын эс алуу жана тамактануу жайлары кирет.

COVID-19дун алып келинишин жана таралышын болтурбоо максатында термометрияны жүргүзүү менен "кирүү чыпкасын" уюштурууну, кызматкерлерди дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттары жана кол каптар менен камсыз кылуу, колдорду антисептик менен тазалоону уюштуруу, алдын алуучу дезинфекцияны тутумдук негизде жүргүзүү, социалдык аралыкты сактоо принциптерин сактоо, бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдалануу, жайларды желдетип туруу ж.б. сунушталат.

Кабыл алынган сунуштамалар аталган иш-чараларды Бирликтин өлкөлөрүндөгү учурдагы эпидемиологиялык жагдайга ылайык, анын ичинде мүчө мамлекеттердин биринде эпидемиологиялык жагдайды стабилдештирүүгө багытталган жаңы чектөө чараларынын киргизилишинин же буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн акырындап жоюлушунун шарттарында колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Маалымат
Документ Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн 2020-жылдын 14-апрелинде өткөрүлгөн жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө айтылган демилгелерди ишке ашыруу жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 6 "COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө" Тескемесин жана Комиссиянын Кеңешинин 2020-жылдын 25-мартындагы № 11 "COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышынын алдын алууга багытталган чараларды ишке ашыруу жөнүндө" Тескемесин аткаруу максатында даярдалган.