Sign In
Эски көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы мамиле: ЕАЭБде товарларды чек аралар аркылуу өткөрүүгө байланыштуу талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн ыкчам комитет түзүлмөкчү

Эски көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы мамиле: ЕАЭБде товарларды чек аралар аркылуу өткөрүүгө байланыштуу талаш маселелерди жөнгө салуу үчүн ыкчам комитет түзүлмөкчү

07.07.20

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн чек аралары аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу келишпестиктерди жөнгө салуу жана талаш маселелерди чечүү үчүн ыкчам комитетти (жогорку деңгээлдеги жумушчу топту) түзүү боюнча сунуштарды даярдады. ЕЭК Кеңешинин тийиштүү тескемесинин долбоору 6-июлда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде каралды.

Буга чейин ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн жаңы аспаптар керек экендигин белгилеп, ЕЭК Коллегиясынын комитетти түзүү жөнүндө сунушун колдошкон эле.

Кеңешмеде Бирликтин өлкөлөрү комитеттин курамына киргизүү үчүн кандидаттардын тизмектерин жиберишти, бирок айрым мамлекеттерден "жол картасына" сунуштар азырынча келип түшө элек деп белгиленди. Ошол эле учурда, чек аралардагы жагдай оор бойдон калуу менен, чечкиндүү иш-аракеттерди талап кылууда.

"Жол картасынын" иш-чараларын эки баскычка бөлүү зарыл: учурда аткарылууга тийиш болгон биринчи кезектеги чаралар жана орто мөөнөттүү перспективага чаралар. Ыкчам комитет бизге тез чечимдерди иштеп чыгууга жана көптөгөн көйгөйлүү маселелерди реалдуу убакыт режиминде жоюуга мүмкүндүк берет", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгиледи.

Отурумдун катышуучулары шашылыш иш-чаралардын катарында товарлардын үчүнчү өлкөлөрдөн импортун тескөө-башкаруу, мүчө мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашуу, санкция астындагы товарларды идентификациялоо, тобокелдик профилин бекитүү, навигациялык пломбаларды колдонуу зарылчылыгын белгилешти.

Аягына чыгара иштелип чыккан документти ЕЭК Кеңешинин отурумунда кароо пландаштырылууда.