Sign In
ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп Сергей Владимиров дайындалды

ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору болуп Сергей Владимиров дайындалды

Сергей Владимиров.jpg
07.07.20


Сергей Валентинович Владимиров 1969-жылдын 9-майында Россиянын Чебоксары шаарында төрөлгөн. 1991-жылы Калининград жогорку аскер-деңиз училищесин "Инженерия-электромеханика" адистиги боюнча бүтүргөн.

2006-жылы "Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия мамлекеттик кызмат академиясынын П.А. Столыпин атындагы Поволжск мамлекеттик кызмат академиясы" ЖКБ ФМБМде "каржылык-кредиттик жана салык мамилелерин мамлекеттик башкаруу" программасы боюнча кесиптик кайра даярдоодон өткөн.

Сергей Владимиров Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

1995-жылдан 2009-жылга чейин Приволжск бажы башкармалыгынын Чуваш бажысында ар кандай кызматтарда иштеген.

2009-2020-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын бажы кызматына караштуу Россия Федерациясынын бажы кызматынын Өкүлчүлүгүндө башкы адис-эксперттен анын жетекчисине чейинки жолду басып өткөн.

Үйлөнгөн. Бир уулу жана бир кызы бар.