Sign In
ЕЭКтин Укук департаментинин директору болуп кайрадан Владимир Тараскин дайындалды

ЕЭКтин Укук департаментинин директору болуп кайрадан Владимир Тараскин дайындалды

_I8A2054.JPG
07.07.20


Владимир Иванович Тараскин 1968-жылдын 25-ноябрында төрөлгөн. Воронеж юридикалык техникумун, Тверь мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Жеке укук изилдөө борборунун Россия жеке укук мектебин (институтун) бүтүргөн.

Эмгек ишмердигин 1989-жылы баштаган. 1989-1999-жылдарда Россия Федерациясынын аткаруучу бийлик органдарында, коммерциялык уюмдарда юрист, ошондой эле ички иштер органдарында тергөөчү болуп иштеген.

1999-2004-жылдар аралыгында РФтин Мүлк мамилелери министрлигинин укуктук камсыздандыруу департаментинин жетекчисинин орун басары, андан кийин жетекчиси болуп турган. 2004-жылдан 2008-жылга чейин - РФтин Өнөр жай жана энергетика министрлигинин укуктук мамилелер департаментинин (юридикалык департаментинин) директору, 2008-жылдан 2012-жылга чейин - РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинин юридикалык департаментинин директору.

2012-жылдан тарта Владимир Тараскин Евразия экономикалык комиссиясынын укук департаментин жетектеп келет. 2020-жылдын 7-июлунда эмгек келишими дагы 4 жылга узартылды.