Sign In
ЕЭКтин евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсу башталды

ЕЭКтин евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсу башталды

тизер.png
07.07.20

Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясы "Универсариум" ачык электрондук билим берүү тутумунда "ЕАЭБ: бул эмне жана кантип иштейт" деп аталган онлайн-курсту баштады. Курс 24/7 жеткиликтүү болмокчу. Окутуунун жыйынтыктары боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөргө акысыз сертификаттар берилет.​

Онлайн-курс сегиз модулга бөлүнгөн. Лекциялардын авторлору ЕЭКтин 30дан ашуун эксперттери болду. Биринчи модуль экономикалык интеграциянын теоретикалык негиздерине, ЕАЭБдин тарыхына, экономикасына, эл аралык мамилелерине жана укугуна арналган.

Экинчи модулда Бажы бирлигинин иштөөсүнүн негиздери, ошондой эле экспорттоочуларга жана импорттоочуларга жардам берүү үчүн аспаптар – ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун институту, "бирдиктүү терезе" механизми жана интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү реестри каралат. Үчүнчү модуль ЕАЭБдин өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты, техникалык жөнгө салуу жана СФС-чаралар жөнүндө түшүнүк берет.

Төртүнчү модуль ЕАЭБде ишкерлер үчүн түзүлгөн, алардын укуктарын коргоо, атап айтканда, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарын коргоо аспаптарына арналган. Айрым лекциялар чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери, жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосу жана Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө айтып берет.

Бешинчи жана алтынчы модулдарда кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүдөгү, уюштуруудагы жана ишмердик алып баруудагы режимдик жоболор, жалпы каржы рыногу жана бирдиктүү эмгек рыногу каралат.
Жетинчи модулда энергетикалык ресурстардын, транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыноктору жөнүндө айтылат.

Сегизинчи модулда угуучулар ЕАЭБдин өндүрүүчүлөрү Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен соода макулдашууларынын алкагында кандай преференцияларды алышы, ошондой эле ЕАЭБде кантип демпингге каршы, атайын коргоо жана компенсациялык чаралар, ошондой эле товарларды санариптик маркалоо сыяктуу аспаптардын жардамында нысапсыз чет элдик өндүрүүчүлөрдөн коргошу тууралуу маалымат алышат.​