Sign In
Евразиялык технологиялык платформалар инвесторлорду күтүүдө

Евразиялык технологиялык платформалар инвесторлорду күтүүдө

07.08.20
Евразия экономикалык комиссиясы Евразиялык технологиялык платформаларда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян билдирди. Комиссиянын аянтчасында анын төрагалыгы астында Евразиялык технологиялык платформалардын III Съезди өткөрүлдү. 


"Технологиялык платформалар механизми негизи эле натыйжалуу. Инновациялык жана илимий жактан негизделген жакшы идеяларга ар дайым эле керектүү каржылоо табуу оңой эместигине байланыштуу айрым татаалдыктар пайда болуп келет. Бул алга жылууга тоскоолдук берет. Биз бул жагынан иштеп, мындай долбоорлор үчүн каржылоо булактарын издемекчибиз",
 – деди Артак Камалян.


Аталган жолугушууга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн космостук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү алгачкы Мамлекеттер аралык программасы  себеп болду. Июль айынын ортосунда Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы глобалдык кооперациялык долбоору Бирликтин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери тарабынан жактырылган. 


Программаны 2021-2025-жылдар аралыгында ишке ашыруу каралган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн спутниктеринин тобун түзүүнү караштырат. 


Кеңешмеде аталган Мамлекеттер аралык программаны ишке ашырууга киришкен технологиялык платформанын өкүлү жана энергетика жаатындагы мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгып жаткан "Энергетика и электрлештирүү" ЕТПнын жетекчиси чыгып сүйлөдү.

Баары болуп космостон айыл чарбага чейинки 16 технологиялык платформа түзүлдү. 

Жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн долбоорлору жана көйгөлөрү жөнүндө айтып беришти жана аларды жөнгө салууда Комиссия кантип жардам бере алышы тууралуу каалоолорун билдиришти. Бардык долбоорлор интеграциялоочу башатка ээ. 

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, 2020-жыл Бирликтин өлкө башчылары тарабынан сапат жагынан жаңы баскыч катары – бирикменин калыптануусунан реалдуу сектордогу масштабдуу иш-тажрыйбалык күн тартибин ишке ашырууга, евразиялык интеграциянын символуна айланууга жөндөмдүү болгон маанилүү кооперациялык долбоорлорду баштоого өтүү катары белгиленген.

Дал ушундай масштабдуу милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Комиссия евразиялык технологиялык платформалар институтун түзгөн. Мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду каржылоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө жобо бекитилген. Ошол эле мезгилде технологиялык платформалар аларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча демилгелерди киргизүү уникалдуу укугуна ээ.

"Жалпысынан, катышуучулар оптимисттик маанайда. Биз мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүп турмакчыбыз. Бул, маселелерди ыкчам чечүү жана алга жылуу үчүн керек", – деп эсептейт Артак Камалян.  


Жыйынтыгында ЕЭК министри бардык технологиялык платформаларды, алгачкы мамлекеттер аралык программанын тажрыйбасын эске алуу менен, Бирликтин өнөр жай кызматташтыгынын приоритеттүү тармактары боюнча активдүү ишке киришүүгө жана жаңы программалар жана долбоор боюнча сунуштарды Комиссиянын кароосуна чыгарууга чакырып өттү.​