Sign In
Михаил Мясникович Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Михаил Мясникович Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

07.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

"Улуу Россиянын жетекчиси катары Сиздин көрүнүктүү ишмердүүлүгүңүз Россия Федерациясынын жарандары жана достору тарабынан жогору бааланат. Сиздин аракеттериңиздин натыйжасында Россиянын кубаты, анын дүйнөдөгү ролу бекемдеп, интеграциялык процесстер ийгиликтүү өнүгүүдө, Евразия элдеринин ортосундагы экономикалык мамилелер чыңдалууда", - деп айтылат куттуктоо катта.

Михаил Мясникович Владимир Путинге бекем ден-соолук, ал эми Россия Федерациясына – социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү ийгиликтерди, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү, россиялыктарга бакубатчылыкты каалады.​