Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: "Комиссия - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аккредитациялоо системаларынын өз ара иштешүүсү үчүн натыйжалуу аянтча"

ЕЭК Министри Валерий Корешков: "Комиссия - Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аккредитациялоо системаларынын өз ара иштешүүсү үчүн натыйжалуу аянтча"

07.12.15

4-декабрда Москвада "ЕБ жана Россиянын аккредитациялоо системаларынын жакындашуусу" долбоорунун алкагындагы эл аралык конференцияда ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредитация маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков Комиссиянын бул чөйрөдөгү ишмердүүлүгү жөнүндө жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү аккредитация жаатындагы жаңы деңгээлге чыгуусунун перспективалары жөнүндө айтып берди.

Конференцияга долбоордун жетекчиси, Аккредитация боюнча европалык уюмдун Төрагасы Томас Факлам, Европа биримдигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн экономика жана соода бөлүмүнүн башчысы Луис Портеро, статс-катчы - Россиянын экономикалык өнүктүрүү Министринин орун басары Олег Фомичев, Аккредитация боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Савва Шипов жана башкалар катышышты.

Валерий Корешков өз сөзүндө мындай деп белгиледи: "Эл аралык стандарттарга айкалыштырылган талаптарды колдонуу, аккредитация ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүүсүн, процедуралар жана эрежелер жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн, баалоо жүргүзүүдө объективдүүлүктү жана калыстыкты камсыздоо - Евразия экономикалык биримдигиндеги аккредитациялоонун негизги аспаптары".

ЕЭК Министри белгилегендей, Комиссия беш өлкөнүн аккредитациялоо боюнча улуттук органдарынын сунуштарынын негизинде, Биримдиктин сертификациялоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын Бирдиктүү тизмесин түзгөн. Күчүнө кирген отуз төрт бирдиктүү техникалык регламент боюнча, аккредитация боюнча улуттук органдарда аккредиттелген, сертификаттоо боюнча 950дөн ашуун органдар жана 2300 сыноо лабораториялары иштешет. Алар 450 миңден ашык шайкештик тастыктамаларын берип, шайкештик жөнүндө бир жарым миллион декларацияны катташкан.

"Мүчө мамлекеттердин аккредитация чөйрөсүндөгү интеграциясын мындан ары тереңдетүүнүн бир жолу, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аккредитация боюнча толук укуктуу ассоциацияны түзүү жана анын эл аралык деңгээлде таанылышын камсыздоо болушу мүмкүн", - деп баса белгиледи Валерий Корешков.

ЕЭК Министри ошондой эле мындай деди: "Бүгүнкү күндө биз дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун түзүп жатабыз, ал эми бул эң маанилүү социалдык багыт. ЕЭКтин фармацевтикалык продукциянын жана медициналык буюмдардын айланымынын айрым маселелерин жөнгө салуучу кыркка жакын ченемдик актыларынын долбоорлору учурда дээрлик даяр. Бардык эл аралык талаптарды эске алуу менен, бул чөйрөдөгү сыноолор боюнча иштердин жыйынтыктарына ишенимди камсыздоодо аккредитацияга чоң роль берилет".

ЕЭК Министринин айтымында, Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бул чөйрөдөгү өз ара иштешүүсүн координациялоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп эсептелет.

Валерий Корешковдун пикири боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредитация боюнча аймактык ассоциациясынын негизги максаты - аккредитациянын жыйынтыктарын өз ара таануу, тийиштүү эрежелерди жана процедураларды айкалыштыруу үчүн шарттарды камсыздоо, ошондой эле өз ара салыштырма баалоолорду уюштуруу жана өткөрүү болуп эсептелет. Бул формат азыркы учурда Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө жигердүү талкууланууда.