Sign In
Артак Камалян Минскте агроөнөр жай комплексиндеги интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулады

Артак Камалян Минскте агроөнөр жай комплексиндеги интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулады

Фото-Камалян-Субботин-06_07_2020.jpg
07.07.20


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү Артак Камалян 6-июлда Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Александр Субботин жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министри Иван Крупко менен жолугушту. Ишкердик жолугушуулардын алкагында агроөнөр жай тармагында евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү үчүн, ошондой эле пандемия шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин рыногун азык-түлүк товарлары менен туруктуу камсыз кылуу үчүн чоң мааниге ээ болгон маселелер талкууланды.

"Айыл чарба жана азык-түлүк товарларынын тартышсыздыгына, ошондой эле Бирликтин рыногунда жаңы соодалык тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн пайда болушуна жол бербөө үчүн, Бирликтин алкагында мүчө мамлекеттердин натыйжалуу өз ара аракеттенүү, агрардык жана азык-түлүк рыногу үчүн пайда болуп жаткан чукул мүнөздөгү чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу маанилүү", – деди Артак Камалян.

ЕЭК министри аны ишке ашыруу Бирликтин агроөнөр жай комплексинин жана агрардык рыногунун туруктуу өнүгүүсүнө, ЕАЭБде өндүрүлгөн продукциянын ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен өз ара сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү комплекстүү документти иштеп чыгууну сунуш кылды.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну кабыл алуу жол-жоболорун тездетүү, ошондой эле кампа күбөлүктөрүн эсепке алуунун электрондук тутумдарын киргизүү мөөнөттөрү боюнча тараптардын позицияларын жакындатуу үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Артак Камалян, инвестицияларды тартуу жана айыл чарба продукциясын кепилдүү сатуу аспабы катары, айыл чарба продукциясына документсиз формада берилген кампа күбөлүктөрүнүн мүчө мамлекеттерде өз ара таанылышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Отурумдун катышуучулары Бирликтин өлкөлөрүндө органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнүн перспективдүүлүгүн белгилешти.

«Комиссия тараптардын эксперттери менен биргеликте органикалык айыл чарба продукциясынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча бир катар чараларды караштырган жол картасынын долбоорун даярдады, ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин андан аркы бекитүүсүнө жатат. Аталган документтин кабыл алынышы Бирликте органикалык продукцияны тоскоолдуктарсыз жүгүртүүнү жана биргеликте активдүү экспорт саясатын жүргүзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деди Артак Камалян.