Sign In
ЕАЭБде Беларуста өндүрүлгөн уй этин Россиянын аймагы аркылуу өткөрүү калыбына келтирилди

ЕАЭБде Беларуста өндүрүлгөн уй этин Россиянын аймагы аркылуу өткөрүү калыбына келтирилди

07.07.20


Россельхознадзор 6-июлдан тарта айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россия Федерациясынын аймагы аркылуу ЕАЭБ мамлекеттерине алып өтүүдөгү чектөөлөрдү жойду.

Мындай чечим Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды.

30-июнда ЕЭК Коллегиясы Россияны Бирликтин укугун аткаруу зарылчылыгы тууралуу маалымдоону чечкен эле. Буга чейин мониторингдин жүрүшүндө ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменти Россельхознадзор бир нече белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүлөрдү жана Россия Федерациясынын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып өтүүнү токтоткондугун аныктаган.

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданяндын пикири боюнча, тоскоолдуктарды жоюу боюнча ыкчам таасирденүү Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.