Sign In
ЕЭК: Беларуста негизги тамак-аш азыктарына баалар көтөрүлбөйт

ЕЭК: Беларуста негизги тамак-аш азыктарына баалар көтөрүлбөйт

Фото-3.jpg
07.07.20


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө – ушул жылдын 18-июлунан 15-октябрына чейин узартууну макулдашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлиги 26 товардык топко, анын ичинде этке, балыкка, сүткө, майга, тоок жумурткасына ж.б. бааларды убактылуу мамлекттик жөнгө салууну киргизген эле. Коронавирус пандемиясынан улам, ошондой эле санитардык-карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө, чек араларды жабууга ж.б. байланыштуу мамлекеттик чектөө чараларынын киргизилишинен улам пайда болгон керектөөчүлүк суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу өлкөдө мындай товарларга баалардын спекулятивдик өсүшүнө жол бербөө керек эле.

Бааларды жөнгө салууну киргизгенден кийин Беларустун керектөө рыногундагы жагдай турукташкан.

Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде Комиссияга мүчө мамлекеттерден Беларустун чечими менен келишпестик жөнүндө кайрылуулар келип түшпөгөндүгүн эске алуу менен, ЕЭК белорус тараптын сунушун колдоду.