Sign In
ЕЭК Беларуста медициналык маскаларга баалардын өсүшүн токтотт

ЕЭК Беларуста медициналык маскаларга баалардын өсүшүн токтотт

Фото-1.jpg
07.07.20

ЕЭК Коллегиясы Беларусь Республикасында дем алуу органдарын коргоо каражаттарына – жеке колдонууга арналган маскаларга – жана дезинфекциялоо каражаттарына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө – ушул жылдын 7-июлунан 4-октябрына чейин узартууну макулдашты.

Буга чейин Беларуста аталган товарларга бааларды 90 күнгө (2020-жылдын 8-апрелинен 6-июлуна чейин) убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген эле. Атап айтканда, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары өндүрүүчү уюмдар үчүн рентабелдүүлүктүн чектик ченемин, импорттоочунун чектик максималдуу үстөгүн, өндүрүүчүнүн (импорттоочунун) сатуу баасына кошулуучу чектик максималдуу дүң үстөктү, өндүрүүчүнүн (импорттоочунун) сатуу баасына кошулуучу чектик максималдуу соода үстөгүн (дүң үстөктү эске алуу менен) белгилөөнү камтыйт.

Коргоо каражаттарына бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө аларга болгон суроо-талаптын өсүшү, өндүрүүчүлөрдө саламаттыкты сактоо мекемелеринин, дарыкана тармактарынын жана калктын мындай каражаттарга муктаждыгын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу негиз болду.

ЕЭК Коллегиясынын Чечими аталган товарларды Беларустун ички рыногунда сатууда стабилдүү бааларды сактоого, өндүрүүчүлөр (импорттоочулар) тарабынан баалардын негизсиз көтөрүлүшүнүн алдын алууга жардам берет.