Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Биздин иш ЕАЭБ мамлекеттеринин калкы үчүн коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дарылардын жекилигин камсыздоого багытталган”

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Биздин иш ЕАЭБ мамлекеттеринин калкы үчүн коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дарылардын жекилигин камсыздоого багытталган”

08.06.16

Минскте ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын жумушчу тобу Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) дары каражаттарынын айланымы чөйрөсүндө документтердин үчүнчү пакетин - “үчүнчү деңгээлдеги” документтерди иштеп чыгарууга киришти. Алар дарылардын жалпы рыногунун натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон колдонмолор жана сунуш-көрсөтмөлөр болмокчу.

ЕАЭБ мамлекеттеринин Саламаттыкты сактоо министрликтеринин эксперттери менен катар Жумушчу топтун отурумуна фармацевтикалык компаниялардын жана Биримдик өлкөлөрүнүн дары каражаттарын даярдоо ассоциацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле чет элдик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Министри Валерий Корешков мындай деп белгиледи: “Биздин биргелешкен иш Биримдик өлкөлөрүнүн калкы үчүн коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, дүйнөлүк рынокто мүчө өлкөлөрдүн фармацевтикалык өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө, соодада негизсиз чектөөлөрдү алып салууга багытталган”.

Отурумда Дары каражаттарын өндүрүү үчүн колдонулган сууга талаптардын жана Дары препараттарын өндүрүү процессин валидациялоо боюнча жетекчиликтин долбоорлоруна биринчи оңдоолор каралды.  Долбоорлор Жумушчу топтун Беларустун атынан катышкан мүчөлөрү тарабынан, ЕАЭБ мамлекеттеринин талаптарын айкалыштыруу максатында жана эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбалардын негизинде даярдалган.

Аталган долбоорлорду талкуулоо келип түшкөн эскертүүлөр жана сунуштар боюнча жеткире иштеп чыгуудан кийин, Жумушчу топтун кезектеги отурумунда улантылат.

Ошондой эле ЕЭКтин Маалымат технологиялар департаментинин директору Александр Хотьконун катышуусу менен өткөн Жумушчу топтун отурумунда дары боюнча жалпы рыноктун иштешинин алкагында маалыматтык өз ара иштешүү маселелери каралды, бул чөйрөдө электрондук документтер айланымын камсыздоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу зарылчылыгын эске алуу менен.

Отурумдун катышуучулары дарылар жана медициналык буюмдар айланымы чөйрөсүндө электрондук документтер айланымын камсыздоо боюнча иштердин атайын планын кабыл алуунун максатка ылайыктуулугуна макул болушту.  Анын долбоорун Биримдик мамлекеттеринин ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасынын улуттук сегменттерин түзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлө турган Жумушчу топтун кеңейтилген отурумунда талкуулоо пландаштырылат.

Мындан тышкары, Валерий Корешков иш-чаранын катышуучуларына 2016-жылдын июль айынын ортосунда өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда ЕАЭБтин фармакопейлик комитетинин курамын аныктай турган тескеменин долбоору карала турганын маалымдады.  

Маалымат

Жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын алдында дары каражаттарынын айланымына карата бирдиктүү ык-амалдарды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн (ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы №204 чечими, курамы ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы №52 тескемеси менен актуалдаштырылган). Жумушчу топтун негизги милдети болуп Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары каражаттарынын жалпы рыногунун иштешин камсыздоого багытталган ЕЭК актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу саналат.