Sign In
ЕЭК газ турбиналары үчүн алымдарды убактылуу жокко чыгарды

 ЕЭК газ турбиналары үчүн алымдарды убактылуу жокко чыгарды

08.07.15

Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 8-июлда болуп өткөн кезектеги отурумунда  соода, техникалык жөнгө салуу, өнөр жай саясаты жана бажы кызматташтыгы маселелери кароого алынды.

Атап айтканда, Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясы 2015-жылдын 2-сентябрынан тартып, 2019-жылдын 31-августуна чейин 50 000 кВт жогору кубаттуулуктагы газ турбиналарынын бөлүктөрүнө бажы наркынан ташып киргизүү бажы алымынын ченин 6,7%дан  0%га чейин убактылуу төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

Коллегиянын чечими таркатылуучу газ турбиналарынын бөлүктөрүнө турбиналардын жана компрессорлордун күрөкчөлөрү, күйгүзүү камерасынын түтүгү, күйүүчү бөлүктөр, турбинанын ички корпусу, компрессордун жана турбинанын чыгаруу диффузорлору, турбинанын аралык валдары, газ бөлүштүргүчтөрү жана башка бөлүктөрү кирет.

«Бул чара ЕАЭС өлкөлөрүндө жогору кубаттуулуктагы газ турбиналарын жасап чыгарууну уюштуруу жана кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле энергомашина жасап чыгаруу тармагынын инвестиция тартуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Турбинанын жалпы наркында анын кароого алынган бөлүктөрүнүн үлүшү 30,9% чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан, алымдын төмөндөтүлүшү түпкү тапшырыкчылар үчүн буюмдар наркына таасирин тийгизиши күтүлүүдө», - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Коллегия ошондой эле, ЕЭК менен Венгрия Айыл чарба министрлиги ортосунда агроөнөржай комплекси багытында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоорун жактырды. Меморандум АӨК чөйрөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин, ЕЭК жана Европа союзунун өлкөлөрүнүн ишкердик байланыштарын түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.

Келечекте кызматташуу багыттары катары төмөнкүлөр аныкталган: айыл чарба продукциясы жагында соода жүргүзүү, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, интеллектуалдык менчик, санитардык жана фитосанитардык чаралар. Кызматташтык, тажрыйба жана маалымат алмашуу, соода багытында тоскоолдуктарды аныктоо, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну кошо алганда, эки тарап тең кызыкчылык арткан маселелер боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн тартуу менен Комиссия жана  Венгрия Айыл чарба министрлигинин өз ара иш алып баруусу аркылуу ишке ашырылат. Меморандумдун жоболору жумушчу топтун ишинин алкагында жүзөгө ашырылат, анын курамына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Венгриянын жана Комиссиянын жогорку деңгээлдеги адистери жана эксперттери кирет.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн агроөнөржай комплекси чөйрөсүндө келечектүү илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин 2020-жылга чейинки тизмесин жактырган. Бул иштердин чегинде  Тараптар биргелешип илимий иштерди жүргүзүшөт. Илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер тизмесинин долбоорунда  14 илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер камтылган.

Мындан тышкары, Коллегиянын чечими менен Бирликтин «Бажы аркылуу алып өтүүчүлөрдүн жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана аны пайдалануу»  жалпы процессинин тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн интеграцияланган маалымат системасынын каражаттары менен жүзөгө ашырууда өз ара маалымат алмашууну жөнгө салган төмөнкү технологиялык документтер топтому бекитилген:

- өз ара маалымат алмашуу эрежелери;

 - мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана Евразия экономикалык комиссиясы ортосунда өз ара маалымат алмашуу регламенти;

- электрондук документтердин жана маалыматтардын форматтарын жана түзүмүн чагылдыруу;

- жалпы процесске туташуу тартиби.

Бирликтин жогоруда аталган жалпы процессинин технологиялык документтери Чечим расмий түрдө жарыялангандан 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы ветеринардык контролдукка алынуучу товарларга карата коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык  (ветеринардык-санитардык) талаптарга өзгөртүү киргизген. Натыйжада, бир катар товарларга Үчүнчү өлкөлөрдүн ишканалары реестрине ишканаларды каттоо түрүндө ветеринардык чара колдонулбайт. Контролдукка алынуучу товарларды алып кирүү шарттарынын өзгөртүлүшү ишкердикти жүргүзүүгө алгылыктуу таасирин тийгизиши күтүлүүдө.