Sign In
ЕЭК министри Гегам Варданян: "ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча жол картасынын иш-чаралары 63%га ишке ашырылды"

ЕЭК министри Гегам Варданян: "ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча жол картасынын иш-чаралары 63%га ишке ашырылды"

08.07.20

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян ЕАЭБдин ички рыногундагы алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча жол картасынын 2018-2019-жылдарда ишке ашырылышына мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө отчётту көрсөттү. Буга чейин документ Евразия Өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитилген.

Презентациянын жүрүшүндө жол картасын ишке ашыруунун статусу жөнүндө айтылды. Документ 17 тоскоолдукту – эки алып коюуну жана 15 чектөөнү жоюуга багытталган.

Министр белгилеп өткөндөй, жол картасынын иш-чаралары пландык көрсөткүчтөн 63%га ишке ашырылды. Ошентип, 35 иш-чаранын 22си ишке ашырылды. Бул 6 тосоолдуктун жоюлушуна алып келди. ЕЭК мүчө мамлекеттер менен биргеликте калган 11 тоскоолдуктун үстүнөн ишти улантмакчы.

"Биздин баалоолор боюнча, жол картасына киргизилген айрым гана тоскоолдуктардын жоюлушу бизнестин транзакциялык чыгымдарын дээрлик $100-120 миллионго азайтмакчы. Жалпысынан алганда, жол картасына киргизилген тоскоолдуктарды жоюудан оң натыйжа өз ара сооданын 1,5-2% чамасындай көлөмүн түзөт",  –деп билдирди Гегам Варданян.​​