Sign In
ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши ишин баштады

ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши ишин баштады

08.09.16

7-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр), ошондой эле аталган Кеңештин да мүчөсү Валерий Корешков аны түзүүнүн жана ишин баштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Атап айтканда, ал мындай деди: “Жетекчилердин Кеңешине Биримдик өлкөлөрүнүн калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыздоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүзөгө ашырууга жана мүчө мамлекеттердин бул чөйрөдө ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсүн координациялоого көмөктөшүү милдети жүктөлөт”.

Кеңештин курамын түзүүгө байланыштуу маселелерден тышкары, отурумда бир катар башка темалар да талкууланды. Алардын ичинен эң негизгиси Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аймактарын кооптуу инфекциялардын киргизилишинен жана таркалышынан санитардык коргоо темасы болду. Ошол эле учурда отурумдун катышуучулары биримдик мамлекеттеринин биологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн күч-аракеттерди жигердүү бириктирүү зарылчылыгын белгилешти. Бул бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинде Биримдик өлкөлөрүндө бир катар оорулар боюнча туруксуз эпидемиологиялык жагдай сакталганына байланыштуу, маселен, Зик вирусу, коронавирус, жогорупатогендүү грипптин вирусу боюнча.

Эпидемиологиялык тобокелдердин адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына, бизнестин абалына таасири айкын. Кеңештин иши баарыдан мурда ушул тобокелдерди төмөндөтүүгө багытталмакчы.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен, Кеңештин жетекчиси болуп Роспотребнадзордун башчысы - Россиянын башкы мамлекеттик санитардык врачы Анна Попова шайланды.

Ал санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жагында ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин Кеңешин түзүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕЭК министри Валерий Корешковдун жеке ролун жогору баалады.  “Кеңештин жооптуу катчысы болуп Комиссиянын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский дайындалганы да кокусунан эмес.  Бул биздин Биримдик өлкөлөрүнүн санитардык кызматтарынын жетекчилеринин ЕЭКке болгон жогору ишениминин дагы бир далили”, - деп баса белгиледи Анна Попова.

Игорь Гаевскийдин айтымында, талкууга алынган маселелердин катарында координация, санитардык-эпидемиологиялык чөйрөдө бир катар позициялар боюнча методологиялык ык-амалдарды айкалыштыруу, кадрларды даярдоо маселелери жана башкалар болду. 

Жетекчилер Кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин бул жааттагы ченемдик базасына биргелешкен дыкат анализ жүргүзүүнү макулдашышты.  Ошондой эле биримдик өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык жагдай, санитардык-гигиеналык мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен өз ара ыкчам алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багыт алынат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жүрүшүндө, быйылкы жылдын май айында Биримдиктин беш өлкөсүнүн президенттери тарабынан бул орган жөнүндө кабыл алынган Жобого ылайык, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери жылына эки жолудан кем эмес чогулушу керек.   Бирок, Анна Попованын пикири боюнча, дүйнөдө жагдай туруксуз болгондуктан, санитардык врачтар жашоого маанилүү маселелерди ыкчам талкуулоосу жана аларды чечүүсү үчүн андан көбүрөөк жолугушуулар талап кылынышы ыктымал. 

Жетекчилер Кеңешинин кезектеги отуруму ушул жылдын төртүнчү кварталына пландаштырылды. Анда эң актуалдуу маселелердин бири - Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин калкынын иммунопрофилактикасы талкууланмакчы.