Sign In
ЕАЭБдин Индустриалдашытруу картасы Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай потенциалын чагылдырмакчы

ЕАЭБдин Индустриалдашытруу картасы Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай потенциалын чагылдырмакчы

08.07.20

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Пётр Пархомчик менен жумушчу жолугушуусунда Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана тереңдетүү, учурдагы өндүрүштөрдү жергиликтештирүүнү көбөйтүү жана импортту алмаштыруу маселелерин чечүү үчүн биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз учурда даярдап жаткан ЕАЭБдин Индустриалдаштыруу картасы импортту алмаштыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн маанилүү аспап болуп калмакчы, – деди Артак Камалян. – Документте импорттон көз каранды технологиялык багыттар, мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн потенциалы, Бирликте калыптанган өнөр жай долбоорлору жана кооперациялык байланыштар чагылдырылат деп болжолдонууда. Бул тараптарга өндүрүштөрдүн кайталанышынын алдын алууга жана өндүрүүчүлөрдүн тармактык адистештирилишине карай иш-аракет жасоого мүмкүндүк берет".

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, картанын долбооруна суммасы 194,5 млрд АКШ долларын түзгөн 18 тармактагы 178 ири инвестициялык жана учурдагы өнөр жай тармактары үчүн маанилүү болуп саналган долбоорлор, ошондой эле импортту алмаштыруу боюнча кооперациялык кызматташтык мүмкүн болгон 29 тармак боюнча 555 технологиялык багыттар, ошондой эле өткөн жылда Бирликтин бажы аймагына алардын ар бири боюнча импрорт 300 млн доллардан ашкан өнөр жай товарларынын 19 тобу киргизилген.

ЕАЭБдин Индустриалдаштыруу картасына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 17-июлда Минскте өткөрүлүүчү отурумунун алкагында старт берилмекчи.

Ошондой эле, Артак Камалян жана Пётр Пархомчик өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууну, келип чыгуу өлкөсүн аныктоонун бирдиктүү эрежелерин жана технологиялык операцияларды иштеп чыгууну, жаңы стратегияны – Өнөр жай кызматташтыгынын 2025-жылга чейинки негизги багыттарын даярдоодо ЕЭКтин жана Беларусь Республикасынын Өнөр жай министрлигинин өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар ушул жылдын күз айларында ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү жана Кеңештин алкагында сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө келишишти.​