Sign In
ЕЭК Коллегиясы Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекет ичиндеги макулдоого жөнөттү

ЕЭК Коллегиясы Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекет ичиндеги макулдоого жөнөттү

09.06.16

7-июнда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бир катар маселелер каралды.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекет ичиндеги макулдоого (МИМ) жөнөтүү жөнүндө тескеме кабыл алды.  Болжолу менен мамлекет ичиндеги макулдоолор ушул жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлүшү керек.

Макулдашууну даярдоо 2015-жылы ЕАЭБте Беларустун төрагалыгынын приоритеттеринин бири болуп эсептелген, ошондой эле 2016-жылы Биримдикте Казакстандын төрагалыгынын приоритеттеринде орун алган. Долбоорду курамында мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары болгон Жумушчу топ иштеп чыккан.

Макулдашуунун долбоору ага карата ЕАЭБте Биримдиктин техрегламенттеринде бирдиктүү талаптар аныкталган продукцияга таркалат.   Биримдик үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен техникалык тоскоолдуктарды четтетүү механизмдери, ошондой эле мындай эл аралык келишимдерди түзүүнүн шарттары жана алардын мазмунуна талаптар каралды. Макулдашуунун долбоорунун жоболору макулдашууларды даярдоонун жана түзүүнүн эл аралык тажрыйбасына дал келет, ага ылайык шайкештикти баалоонун жыйынтыктары таанылат. Бул аккредитация боюнча таанылган органдын болушу; шайкештикти баалоо боюнча органдар колдонгон аккредитация процедураларынын тең маанилүүлүгүн камсыздоо; Биримдик мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу (дайындалган) органдарынан алынган шайкештикти баалоонун жыйынтыктарын таануу ж.б.

ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБте Продуктивдүү эмес үй жаныбарлары жана териси баалуу айбанаттар үчүн тоют өндүрүү максатында жаныбарлардан турган азыктык эмес чийки заттарга бирдиктүү ветеринардык талаптар аныкталган. Бул чечим жаныбарлардан турган чийки заттарды сатып алууда ашыкча тоскоолдуктарды четтетүүгө, өндүрүш кубаттуулуктарын продуктивдүү эмес жаныбарлар жана териси баалуу айбанаттар үчүн даяр тоюттарды өндүрүү үчүн колдонулган чийки заттар менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Биримдик өлкөлөрүнүн ишкерлери мындай тоюттарды өндүрүү үчүн азык продукцияларына карата талаптарга ылайык келбеген, бирок Бирдиктүү ветеринардык талаптарга жооп берген эт чийки  заттарын колдоно алышат.  Мындан тышкары, тоюттардын бир катар түрлөрү боюнча даяр тоюттарды өндүрүүдө азыктык чийки заттарын колдонуу алардын баасын импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзаныраак кылат.

Биримдикке ташылып киргизилген, продуктивдүү эмес жаныбарлар жана териси баалуу айбанаттар үчүн даяр тоюттарды өндүрүү үчүн арналган чийки заттарга ветеринардык сертификаттын жаңы формасы колдонууга киргизилген. Бул чечимдин максаты - ветеринардык сертификаттын бирдиктүү формасында ЕАЭБге ташылып киргизилген, алардан продуктивдүү эмес жаныбарлар үчүн даяр тоюттар даярдалган, жаныбарлардан турган чийки заттарга ветеринардык талаптарды аныктоо.

Отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Ветеринардык көзөмөлгө (текшерүүгө) тийиштүү товарлардын бирдиктүү тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечим долбоору бекитилген. Товарлардын бирдиктүү тизмесин бир катар позициялар менен толуктоо болжолдонот: буурчак өсүмдүктөрү, тоют дарбыздары жана тоют кошулмалары. Биримдикке киргизүүдө жана мүчө мамлекеттердин ортосунда жылдырууда алар ветеринардык көзөмөлдөн (текшерүүдөн) өткөрүлөт. Буга жараша бул товарларга ветеринардык сертификат, ошондой эле киргизүүгө (транзит) уруксат талап кылынат. Бул товарларды Бирдиктүү тизмеге киргизүү аларга карата веткөзөмөлдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана Биримдик өлкөлөрүнүн аймагында эпизоотикалык бакубатчылыкты камсыздайт.

ЕЭК Коллегиясынын чечими менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Тамак аш продукциясынын коопсуздугу” техникалык регламентине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. ЕАЭБ техрегламентинде аныкталган тамак аш продукциясынын айрым түрлөрүнүн аталыштары такталды. Ошондой эле коопсуздуктун айрым микробиологиялык нормативдери такталып же жокко чыгарылган. Мисалы, Биримдиктин “Дан азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентинде аныкталган талаптарды кайталоону жана аларга каршы келүүлөрдү четтетүү максатында дан азык түлүктөрүнүн коопсуздук көрсөтмөлөрү. Мындан тышкары, Биримдиктин “Атайын азык продукцияларынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылык жана профилактикалык диеталык азыктардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентинин жөнгө салуу объекти болгон азык продукциясындагы шарттуу-патогендүү микроорганизмдердин жол берилген деңгээли боюнча көрсөткүчтөр  жокко чыгарылды ж.б.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары Казакстандын сунушу боюнча Бажы биримдигинин Коллегиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы №877 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Чечим ЕАЭБтин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине тиешелүү. Төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кабыл алынды:  техрегламент күчүнө кирген күнгө чейин берилген же кабыл алынган, республикада өндүрүлгөн Toyota Fortuner автомобилине карата Казакстандын мыйзамдары менен аныкталган милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоо (тастыктоо) жөнүндө документтер 2017-жылдын 28-мартына чейин жарактуу болот; Казакстанда 2016-жылдын 1-июлунан тарта жүгүртүмгө чыгарылган транспорт каражаттарынын саны 1900 ашпашы керек. Toyota Fortuner моделине карата бул документтердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу «Тойота Мотор Корпорэйшн» корпорациясынын алдында Казакстандын белгилүү милдеттемелерине байланыштуу.

ЕЭК Коллегиясы Бажы декларациясы ЕАЭБтин “Тамеки продукциясына карата техникалык регламент” техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтер менен кошо тапшырылган продукциянын тизмесин бекитти. Тизме регламенттин жөнгө салуу объекттерине ылайык түзүлүп, продукциянын эки тобун камтыйт. Биринчи топко - сигаралар, сигариллдер (сигариттер), сигареттер, кретектер, папиростор, бидилер; ал эми экинчи топко - ичке кесилген чегүү тамекиси, кальян үчүн тамеки, канжа тамекиси кирет. Тизмени колдонуу үчүн продукциянын аталышын, ошондой эле ЕАЭБтин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын кодун колдонуу зарыл.

ЕЭК Коллегиясы Бажы декларациясы ЕАЭБтин “Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына карата техникалык регламент” техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтер менен кошо тапшырылган продукциянын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Комиссия тарабынан даярдалган өзгөртүүлөр техникалык регламенттин объекттери болуп эсептелген продукциянын айрым түрлөрү боюнча позицияларды толуктоону болжойт (мисалы, “диффузиялык шире” сөзүнөн кийин “анын ичинде концентрацияланган диффузиялык шире” тактоосу киргизилген; Тизме “Аралашкан жемиш-жашылча пюреси” позициясы менен толукталган). Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын коддорунун айрым позициялары такталды, аларга шире продукциясынан башкалар да кирет.  Максаты шире продукциясын ташып киргизүүдө жана документтерди тариздөөдө аларды бир маанилүү трактовкалоо (“Концентрацияланган морстор”, “Жемиш жана (же) жашылча пюрелери (томаттан бөлөк), концентрацияланган жемиш жана (же) жашылча пюрелери (томаттан бөлөк)”, “Томат ширелери, томат пюрелери, концентрацияланган томат пюрелери (пастасы)” ж.б.).

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында ЕАЭБтин “Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптары аткарылышы камсыздалган мамлекеттер аралык стандарттарды, ошондой эле изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын камтыган мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо жана техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоо  эрежелерин  иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра карап чыгуу) боюнча программаны бекитишти .

Программада 2018-жылга чейин Биримдиктин сүт жана сүт продукциясы боюнча техрегламенти үчүн мамлекеттер аралык 81 стандартты иштеп чыгуу каралат. Мамлекеттер аралык 46 стандартты иштеп чыгуу үчүн Россия жооптуу, 28 стандартты Беларусь, 7 стандартты Казакстан иштеп чыгат. Россия Чечимдер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларын сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого багытталган.

ЕАЭБтин “Кыймылдуу темир жол составынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин жүзөгө ашыруу максатында ЕЭК Коллегиясы бул регламент боюнча Стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Тизмеге үч эл аралык жана 2012-2014-жылдары эл аралык стандарттардын негизинде кабыл алынган төрт улуттук стандарттар киргизилген.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү Ченемдердин референттик методикасы (методу) катары кабыл алынган ченем методикасын (методун) аттестациялоонун тартибин бекитти. Тартипке ылайык, референттик методиканы аттестациялоо Биримдик өлкөсүндө чоңдук бирдиктерин чыгарууну, сактоону жана берүүнү эң жогорку тактык менен, өлчөөлөрдүн тийиштүү түрүндө жүргүзгөн уюм тарабынан аткарылат. Референттик методика мүчө мамлекеттердин өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет. Референттик методиканын аттестациясын бирдиктүү Тартипке ылайык өткөрүү жана метрологиялык аттестация жөнүндө күбөлүктүн бирдиктүү формасы ЕАЭБтин бир мамлекетинде өткөрүлгөн референттик методиканын аттестациянын жыйынтыктарын бардык мүчө мамлекеттерде таанылышына мүмкүнчүлүк берет.