Sign In
ЕЭК Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын 2.0 иштеп чыгууда

ЕЭК Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын 2.0 иштеп чыгууда

Камалян-Шумилин-08_07_2020.jpg
09.07.20


Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте ЕАЭБдин реалдуу секторунда ишке ашыруу үчүн жаңы стратегиялык документти – Өнөр жай кызматташтыгынын 2025-жылга чейинки негизги багыттарын 2.0 иштеп чыгууда. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Беларусь Республикасынын Илим жана технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин (ИТМК) Төрагасы Александр Шумилин менен Минскте болуп өткөн жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.

"Бирликтин өлкө башчылары 2020-жылды сапат жагынан жаңы баскыч катары – биздин бирикменин калыптануусунан реалдуу сектордогу масштабдуу иш-тажрыйбалык күн тартибин ишке ашырууга өтүү катары белгилешти", – деди Артак Камалян. – Негизги багыттар бул логикага толугу менен шайкеш келет".

 

Документте технологиялык болжолдоо тутумун, евразиялык компетенция борборлорун түзүү, бир катар перспективдүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, тажрыйба жана билим алмашуу, индустриалдык-инновациялык инфраструктура объектилеринин алкагында кызматташтыкты тереңдетүү каралган.

 

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты. Александр Шумилин Беларусь Евразия технологиялык платформаларын түзүү, Бирликтин мамлекеттер аралык программаларын ишке ашыруу жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө бөлүмдү кошуу аркылуу ЕАЭБдин алкагында илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыктын кеңейтилишин колдоорун баса белгилеп өттү. Беларустун Илим жана технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин пикири боюнча, биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынын базасында ЕАЭБдин венчурдук фонду түзүлүшү мүмкүн.

 

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан Жерди алыстан байкоо маалыматтарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды өндүрүү жана көрсөтүү боюнча мамлекеттер аралык программанын кабыл алынышы бул чөйрөдөгү ийгиликтүү кооперациянын үлгүсү  болуп калышы мүмкүн. Аны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ушул жылдын июль айында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жакынкы отурумунда карашмакчы.

 

Мындан сырткары, Артак Камалян жана Александр Шумилин Мамлекеттик комитеттин Бирликте Беларустун Европа бирлиги менен технологиялык болжолдоону иштеп чыгуу боюнча кызматташтыгынын оң тажрыйбасын жайылтуу боюнча демилгесин иштеп чыгуу жөнүндө келишишти.

 

ИТМК технопарктарды жана илимий уюмдарды сертификаттоо, Беларустун пилотсуз техникадагы, медицинадагы, анын ичинде белорус томографын түзүүдөгү иштеп чыгууларын колдонуу жаатында ЕАЭБ менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.