Sign In
ЕЭК министри Артак Камалян: "Комиссия Беларустагы өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар"

ЕЭК министри Артак Камалян: "Комиссия Беларустагы өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар"

1.jpg
09.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Беларусь Республикасынын экономика министри Александр Червяков менен жолугушуусунун жүрүшүндө Министрликтин Евразия экономикалык бирлигинин консультативдик жана кеңешме органдарынын ишинде активдүү катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Атап айтканда, ал ЕАЭБ жөнүндө келишимди өнөр жайлык субсидиялар жаатында ишке ашыруу боюнча активдүү биргелешкен ишмердикти белгиледи. Артак Камалян Беларусь Комиссияга жана башка мүчө мамлекеттерге өнөр жайлык субсидиялар жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында жана толугу менен жөнөтөт жана ошону менен өзүнүн бул чөйрөдө өз ара маалымдоо боюнча милдеттенмелерин ак ниет аткарат деп баса белгиледи.

 

"Биз, биздин Бирликтин алкагында соода-экономикалык чөйрөдө андан ары өз ара аракеттенүү үчүн, Беларусь Республикасы менен конструктивдүү диалогду улантууга, биргелешкен долбоорлорду өз ара пайдалуу негизде ишке ашырууга жана кызматташтыктын жаңы архитектурасын түзүүгө кызыкдарбыз", – деди ЕЭК министри.

 

Бирликте экономиканын өнүгүүсүн талдап жатып, Комиссиянын өкүлү пандемиянын күчөшүнүн биринчи баскычында, 2020-жылдын башында, катуу чектөө чаралары киргизилгенге чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайы активдүү өнүгүүнү улантып жаткандыгын белгиледи. Мүчө мамлекеттердин биргелешкен иш-аракеттеринин аркасында биринчи кварталда Бирликтин бардык өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өскөн. Региондор боюнча орточо өсүш 1,6% түзгөн.

 

Артак Камалян Александр Червяковду Евразия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыктын тереңдетилиши жана бул багыттагы иштин андан ары активдештирилиши тууралуу маалымдады. Ал Беларусь Республикасынын Экономика министрлигин Бирликтин кооперациялык долбоорлору боюнча сунуштарды даярдоодо катышууга чакырып өттү.

 

Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу боюнча тараптар Бирликтин каржы институттарын тартуу менен ЕАЭБде кооперациялык чынжырчаларды, биргелешкен фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдү каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу жөнүндө келишишти.

 

Келечекте КМШ өлкөлөрүн жана башка мамлекеттерди тартуу менен тийиштүү санариптик платформадагы материалдык эмес активдердин рыногун түзүү ЕАЭБдеги дагы бир маанилүү багытка айланууга тийиш.