Sign In
Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегация башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегация башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту

IMG03033.jpg
09.08.19

9-августта Чолпон-Атада (Кыргызстан) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунун алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда катышты. Ошондой эле, иш-чарада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышышты.

Мамлекет башчысы баарын Бирлик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 5-жылдыгы жана евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгы менен куттуктады. «Бул мезгилдин ичинде ЕАЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикмеге айланды. Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын ишке ашыруу боюнча чаралар биргеликте кабыл алынууда. Өз ара жана тышкы соода көлөмдөрү бара-бара өсүүдө. 2018-жылда жалпысынан Бирлик боюнча ИДӨнүн өсүшү 2,5% түздү», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Бирликтин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк аренада кызыктуу болуп жаткандыгын баса белгиледи. Соода-экономикалык мамилелер жана кызматташтыктын географиялык картасы кеңейүүдө. Кытай жана Иран менен макулдашуулар түзүлдү. Вьетнам менен эркин соода зонасы натыйжалуу иштөөдө. Израиль, Сингапур, Сербия, Индия жана Египет менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлүүдө. Бир катар эң ири регионалдык бирикмелер менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Сооронбай Жээнбеков белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык бирлиги тарыхый өнүгүүнүн маанилүү баскычында турат.

Интеграциялык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана экономикаларды теңдөө үчүн бизнес, ошондой эле каржы институттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет жумшоо зарыл. Кооперациялык байланыштарды кеӊейтүүнү, ресурстук потенциалды бекемдөөнү жана инновациялык процесстерге түрткү берүүнү улантуу зарыл.

Ошондой эле, Кыргызстандын Президенти Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды натыйжалуу жоюу үчүн Комиссияга ыйгарым укуктарды берүү зарылчылыгына көңүл бурду. Ал алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдери маанилүү маселелердин бири экендигин да белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков отурумдун күн тартибинин бай жана актуалдуу экендигин белгилеп өттү. Бүгүн кабыл алынып жаткан чечимдер ЕАЭБдин максаттарынын иш жүзүндө ишке ашырылышына кошумча импульс берет.​