Sign In
ЕӨАК жыйынтыктары: чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн концепциясы, АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолору, айыл чарба продукциясы боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн суроо-талап жана сунуш балансы бекитилди, бир катар макулдашууларга кол коюл

ЕӨАК жыйынтыктары: чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн концепциясы, АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолору, айыл чарба продукциясы боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн суроо-талап жана сунуш балансы бекитилди, бир катар макулдашууларга кол коюл

IMG03931.jpg
09.08.19

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 9-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясы тармагындагы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле алкоголь рыногy жөнгө салуу маселелери талкуунун негизги темаларынан болду.

Өкмөттөр аралык кеңеш Бирликтин өлкөлөрүнүн юридикалык жактарынын (ээлик кылуучу субъектилеринин) бири-бири менен жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн Чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү концепциясын жактырды, АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолорун, айыл чарба продукциясы, азык-түлүктөр, зыгыр буласы, булгаары чийки заты, пахта буласы жана жүн боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн 2019–2020-жылдарга карата суроо-талап жана сунуш баланстарын, ошондой эле «
Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациясынын жана технологиялар трансферинин евразиялык тармагы» долбоорунун жаңыланган паспортун бекитти. Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү кооптуу калдыктарды ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча чек ара аралык өткөрүү жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан сырткары,
ЕӨАК Комиссияга Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте «евразиялык компания» уюштуруу-укуктук формасын киргизүү үчүн корпоративдик укук ченемдерин шайкеш келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгууга тапшырма берди.

Өкмөттөр аралык кеңешке алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө отчёт көрсөтүлдү.

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри
Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен саламдашып жатып: «Биз жалпы каржы рыногун түзүүгө өзгөчө маани беребиз. Атап айтканда, ЕАЭБ мамлекеттеринин каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуу бул максатка жетүүгө өбөлгө түзөт», - деп баса белгиледи. Ошондой эле, ал ЕАЭБдеги учурдагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Тигран Саркисян мындай деп билдирди: «ЕЭК улуттуктан жогорку компаниялар үчүн укуктук мейкиндикти түзүү боюнча тийиштүү иш алып барууда. Биз, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, түзүмдөрдүн кандай алкактарда аракеттенишин, жана жогоруда айтылган компаниялар ЕАЭБдин аймагында кандай артыкчылыктарды алышын аныктоо максатында илимий-изилдөө ишти баштоону пландаштырып жатабыз. Биз экспортту көбөйтүү үчүн кооперациялык байланыштарды кеңейтүү жана жолго салуу багытында иш алып бармакчыбыз».

Ошондой эле, ЕӨАК отурумунун жыйынтыктары боюнча, мүчө мамлекеттер биргеликте чыгарган, Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгына арналган эстелик почта маркаларын өчүрүү аземи болуп өттү.

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 25-октябрда Москвада өткөрүлмөкчү.