Sign In
ЕЭКтин жумушчу тобу шайкештикти баалоонун типтүү схемасынын жаңы редакциясын иштеп чыгууга киришти

ЕЭКтин жумушчу тобу шайкештикти баалоонун типтүү схемасынын жаңы редакциясын иштеп чыгууга киришти

09.09.16

8-9-сентябрда Ереванда Армениянын Экономика министрлигинин аянтчасында, Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында шайкештикти баалоонун типтүү схемаларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жүрүшүндө, аталган схемалардын жаңы редакциясын иштеп чыгуунун негизги багыттары аныкталды жана макулдашылды.

Иш чарага Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомчулуктун,  шайкештикти баалоо боюнча органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышышты.

Валерий Корешков “продукциянын шайкештигин баалоо процедурасын өткөрүүгө карата макулдашылган мамилелер - Биримдиктин техникалык регламенттерин жүзөгө ашыруунун жана биримдиктин бирдиктүү рыногуна коопсуз продукциянын чыгарылышын камсыздоонун эң маанилүү элементи” деп белгилеп өттү.

Отурумдун катышуучулары продукциялар Биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүсүн баалоонун негизги маселелерин жана практикалык аспектилерди карап чыгышты. Мындан тышкары, шайкештикти баалоонун типтүү схемаларын колдонуунун жааттарын аныктоо, менеджмент системасында макулдашылган ык-амалдарды иштеп чыгуу, продукциянын өндүрүүчүлөрү өндүрүш көзөмөлүн өткөрүүсү тууралуу маселелер да каралды.

Жумушчу топтун кезектеги отуруму ушул жылдын октябрь айына пландаштырылган.