Sign In
Россияга Беларустан алмуруттарды жеткирүүлөр калыбына келтирилди

Россияга Беларустан алмуруттарды жеткирүүлөр калыбына келтирилди

09.07.20

ЕАЭБдин ички рыногунда Беларусь Республикасынан Россияга алмуруттарды жеткирүү боюнча тоскоолдук жоюлду.

 

Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин Россельхознадзордун Россияга алмуруттарды жеткирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизгендигине байланыштуу  кайрылуусунун негизинде Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши боюнча департаменти Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн милдеттенмелерди аткаруусуна мониторинг жүргүздү. Бөгөттүн белгилери бар тоскоолдуктун болушу жөнүндө корутунду даярдалды.

 

Жүргүзүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Беларусь Республикасынан Россияга алмуруттарды жеткирүүдөгү чектөөнүн 2020-жылдын 10-июнунан тарта жоюлушу жөнүндө чечим кабыл алынды.

 

"Биз Россиянын бөгөттүн белгилери бар тоскоолдукту ЕЭК Коллегиясынын тийиштүү чечимин кабыл алуусуз жойгондугун колдойбуз", – деди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян.​