Sign In
ЕАЭБде Беларустан Россияга уй этин жеткирүүлөр калыбына келтирилди

ЕАЭБде Беларустан Россияга уй этин жеткирүүлөр калыбына келтирилди

09.07.20

9-июлдан тарта Россельхознадзор айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүлөргө убактылуу чектөөлөрдү жойду.

 

Эскерте кетсек, 6-июлдан тарта уй этин Беларустан Россиянын аймагы аркылуу алып өтүү калыбына келтирилген. 

Аталган чечимдер Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды. "Ошентип, биз айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүгө жана Россия Федерациясынын аймагы аркылуу алып өтүүгө байланыштуу тоскоолдук жоюлду деп эсептейбиз", – деп билдирди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян.

Буга чейин ЕЭК Коллегиясы Россияга Бирликтин укугун аткаруу зарылчылыгы тууралуу билдирген эле. ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменти тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча,  Россельхознадзор айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүлөрдү жана Россия Федерациясынын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып өтүүнү токтоткондугун аныкталган.

Гегам Варданяндын пикири боюнча, тоскоолдуктарды жоюу боюнча ыкчам таасирденүү Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.