Sign In
ЕЭК бизнес менен органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү перспективаларын талкуулоодо

ЕЭК бизнес менен органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү перспективаларын талкуулоодо

09.09.20

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү менен биргеликте "евразиялык органикалык продукциянын рыногунун иштөөсүн камсыз кылуу, бул чөйрөдө ЕАЭБ укугун түзүү маселелерин активдүү иштеп чыгууда". Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Москва областынын Волоколамский районундагы "Ферма М2 Шульгино" органикалык фермасына жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.

 

ЕАЭБде органикалык продукциянын эркин өткөрүлүшүн, анын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жетүүсүн камсыз кылууга багытталган чараларды караштырган жол картасынын долбоору иштелип чыкты.

 

"Биз Бирликте органикалык продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун укуктук негиздерин иштеп чыгуу үчүн бул рыноктун бардык кызыкдар болгон катышуучулары менен диалогго даярбыз", – деди ЕЭК министри.

 

Жүргүзүлүп жаткан иш Бирликтин өлкөлөрүнүн калкынын пайдалуу тамактануу маданиятына кызыгуусун жогорулатууга, органикалык товарлар менен сооданын көлөмдөрүн көбөйтүүгө, жердин түшүм берүүчүлүгүн сактоого, айыл чарбаны экологизациялоого өбөлгө түзөт.

 

Сапардын жүрүшүндө Комиссиянын министри анын негизинде Органикалык продукция чөйрөсүндөгү улуттук компетенция борбору түзүлгөн "Россиялык сапат тутуму" АКэУнун (Роскачество) жетекчиси Максим Протасов жана "Major" холдингинин президенти, "Шульгино" ЖЧКнын негиздөөчүсү Михаил Бахтиаров менен жолугушту.

 

Жолугушуунун катышуучулары органикалык жашылчаларды теплицаларда өндүрүү технологиялары менен таанышышты, мал чарбачылык комплекстерин жана "Ферма М2 Шульгино" фермасынын органикалык бизнесте катышкан башка объектилерин карап чыгышты.

 

Маалымат

 

"Ферма М2 Шульгино" фермасынын 4500 га өздүк жер аянттары, 1500 баш саан уйлары, 800 кою, 500 эчкиси, 15000 бройлерлери жана жумуртка туучу тооктору бар. Фермада күнүнө дээрлик 5 тонна сүт, 900 кг эт азыктары жана 1500 жумуртка өндүрүлөт.

 

Аталган чарба 2018-жылы Kiwa аккредиттелген немис компаниясы тарабынан Европа бирлигинин өсүмдүк өстүрүү продукциясына, ошондой эле фермада өндүрүлгөн башка өнүмдөрдүн кеңири тизмесине карата № 834/2007 регламентинин талаптарына ылайык сертификатталган. 2020-жылдын март айында "Ферма М2 Шульгино" Россиянын мыйзамдарына ылайык ГОСТ 33980-2016 боюнча сертификатталган жана Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин органикалык өндүрүүчүлөрдүн реестрине органикалык жашылчалардын, мөмө-жемиштердин, эт жана сүт продукциясынын өндүрүүчүсү катары киргизилген.​