Sign In
ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Чили менен диалог кеңири форматка жана жаңы динамика ээ болууда”

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Чили менен диалог кеңири форматка жана жаңы динамика ээ болууда”

01.03.17
1-мартта Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Родриго Ньето Матуран Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Чили Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштүгүнүн азыркы абалын жана өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ - Чили форматында кызматташтыкты өнүктүрүү арымдарына канааттангандарын билдиришти.

Чили менен диалог кеңири форматка жана жаңы динамика ээ болууда. Чилилик өнөктөштөр ЕЭКтин бардык профилдик блоктору менен жигердүү өз ара иштешүүдө. Биз чилилик бизнесмендер үчүн бир катар тематикалык семинарларды өткөрдүк, алардын аркасында Биримдик өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу жана анда иштөө эрежелери түшүнүктүү болуп калды. Биргелешкен топ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Чилинин соода-экономикалык кызматташтыгын алдыга жылдыруу үчүн жакшы аянтча болду, - деп белгиледи Татьяна Валовая.

Родриго Хосе Ньето ишеним грамоталары тапшырылгандын эртеси күнү ЕЭКтин штаб-квартирасына келди. Жолугушуунун жүрүшүндө ал ЕАЭБ өлкөлөрү менен ишкер кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Комиссия менен туруктуу диалог Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары анын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болгондугу туурасында айтты.

2015-жылдын июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунда ЕЭК жана Чили Өкмөтү ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Комиссиянын жана Чили Өкмөтүнүн ортосунда биргелешкен жумушчу топтун эки отуруму өткөрүлгөн, ЕЭКтин атынан аталган жумушчу топтун жетекчиси Татьяна Валовая болуп эсептелет. Мартта Сантьягодо өтө турган үчүнчү отурумда тараптар бири-бирин алардын экспорту эки жакка тең кызыктуу болуп эсептелген товарлардын тизмеси менен тааныштырышат.