Sign In
ЕЭК Коллегиянын өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын бекитүүгө байланыштуу чечиминин долбоорун ачык талкуулоону баштады

ЕЭК Коллегиянын өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын бекитүүгө байланыштуу чечиминин долбоорун ачык талкуулоону баштады

10.04.15

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын “Өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн бирдиктүү формасын, аны толтуруунун тартибин жана ­­өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторунун бланктары жөнүндө маалымат алмашуунун тартибин бекитүү жөнүндө” чечимин ачык талкуулоону башташты.

Документ Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун тутумун уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаменти тарабынан даярдалган.

Макулдашууга ылайык, мындай электрондук тутумдарды ишке киргизүүгө чейин өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формалары колдонулат. Паспорттун бирдиктүү формасына негизги талаптар, толтуруунун тартиби жана аны колдонуу мөөнөтүнүн башталышы, ошондой эле жана ­­өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторунун бланктары жөнүндө маалымат алмашуунун тартиби Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилет.

Иштелип чыккан документ Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) транспорт каражаттарынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн эркин айланымы үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Чечимдин бул долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2014-жылдын 28-октябрындагы № 195 чечими менен бекитилген Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун отурумунун алкагында жактырылганын белгилей кетүү зарыл. Жумушчу топтун Курамы Комиссиянын өкүлдөрүнөн, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин аткаруучу бийлигинин кызыкдар органдарынан (Беларустун Өнөр жай министрлиги, Беларустун ИИМи, Беларустун Финансы министрлиги, КР Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлиги, Казакстандын ИИМи, Россиянын өнөр жай, соода министрлиги, Россиянын транспорт министрлиги, Россиянын ИИМи, Россиянын Айыл чарба министрлиги жана ФБК) жана бизнес коомчулугунан түзүлгөн.

Макулдашууга ылайык, электрондук паспортторду жол-жоболоштуруунун башталышы 2015-жылдын 1-июлуна белгиленгенине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрында №98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Ишинин регламентине ылайык, жөнгө салуучу таасирлерди баалоо процедурасынын алкагында ачык талкуулоону уюштуруу максатында Чечимдин долбоору, маалыматтык-аналитикалык маалымдама жана сурамжылоо баракчасы “Интернет” маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында жайгаштырылган. Чечимдин долбоорун ачык талкуулоо – 2015-жылдын 9-майында аяктайт.

Долбоор боюнча сунуштарды Комиссия ачык талкуулоо күнү аяктаганга чейин, жазуу түрүндө, анын ичинде, чечимдин долбоору боюнча сурамжылоо баракчасын кагаз түрүндө толтуруу жолу менен төмөнкү дарек боюнча кабыл алат: 115114, Москва ш., Летниковская көч., 2-үй, 1-кур., 2-кур., ошондой эле электрондук түрдө толтурулган сурамжылоо баракчалары dept_techregulation@eecommission.org электрондук дареги боюнча кабыл алынат.