Sign In
ЕӨАК жыйынтыктары

ЕӨАК жыйынтыктары

10.04.20
10-апрелде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин видеоконференция форматындагы отуруму болуп өттү.
ЕӨАК мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинде COVID-19 пандемиясынын шарттарында  калктын турмуштук маанилүү муктаждыктарын камсыз кылуу, өз ара сооданы, товарлардын эркин кыймылын колдоо жана кийинки экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралардын пакетин кабыл алышты.
Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары каралды.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизмин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
ЕӨАК ЕЭК Коллегиясына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте ЕАЭБдин эл аралык электрондук соода жаатындагы укугуна өзгөртүүлөр жөнүндө актыларды даярдоону тапшырды. Башкача айтканда, бул чөйрөдөгү комплекстүү укуктук жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнү.
Механизмдер чет элдик интернет-аянтчаларда сатып алынган жана жеке жактардын жана юридикалык жактардын атына алып келинип жаткан товарларды өзүнчө категорияга таандык кылууга жана аларга карата бир катар өзгөчөлүктөрдү орнотууга тиешелүү болмокчу.
Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө" деп аталган баяндаманы назарга алышты.
ЕӨАКтын кезексиз отуруму 23-апрелге белгиленди, ал видеоконференция режиминде өткөрүлмөкчү.​