Sign In
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков: "Эл аралык заманбап стандарттарды колдонуу - продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган натыйжалуу механизм"

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков: "Эл аралык заманбап стандарттарды колдонуу - продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган натыйжалуу механизм"

10.07.15

9-июлда Екатеринбургда 6-эл аралык көргөзмөнүн жана «ИННОПРОМ-2015» өнөр жай жана инновациялар форумунун алкагында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) эң мыкты эл аралык талаптардын негизиндеги мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун актуалдуулугу жөнүндө билдирди.

"Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн эл аралык стандарттарды колдонуунун эң мыкты тажрыйбалары. Эл аралык стандартташтыруунун перспективалары" ачык сессиясынын жүрүшүндө Валерий Корешков белгилегендей, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, мүчө мамлекеттер стандартташтыруу жана өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясат жүргүзүшүүдө.  Эң мыкты эл аралык тажрыйбаларга негизделген бирдиктүү талаптарды Бирликте колдонуу административдик кедергилерди төмөндөтүүгө жана рынокторго товарларды алып келүү процессин жөнөкөйлөтүүгө гана эмес, продукциялардын сапатын жогорулатууга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган механизм болуп эсептелет.  Ал эми бул өз кезегинде,  өнөр жайдын жана бизнестин талаптарына жооп берип, интеграциянын андан ары тереңдеши үчүн базис боло алат.

ЕЭК Министри белгилегендей:  "ЕАЭБда техникалык жөнгө салуу максаттар үчүн стандартташтыруунун эң актуалдуу багыттары болуп айыл-чарба, карьер, курулуш жана жол техникалары, азык-түлүк продукциялары жана айыл-чарба чийки заттары, автоунаалар жана тракторлор, анын ичинде, электроунааларга талаптар, медициналык жабдуулар, дары каражаттары, курулуш материалдары жана буюмдары, химиялык өндүрүш жана башкалар саналат".

Валерий Корешков стандартташтыруу жаатында регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденцияларынын мыйзам ченемдүүлүгүн баса белгиледи.  Бирликтин 33 техникалык регламенттерине кошумча Евразия экономикалык комиссиясы стандарттардын тизмесин бекитип, аларга мамлекеттер аралык документтер менен катар улуттук документтер да камтылган.  "ГОСТ" мамлекеттер аралык стандарттарын колдонуунун артыкчылык принцибин камсыздоо үчүн Комиссия стандарттарды иштеп чыгуу программаларын жүзөгө ашыруу боюнча планга негизделген иштерди жүргүзүүдө.  Бүгүнкү күндө мындай программалардын 30 бекитилген, анын экөө - автоунаа жолдору жана майлоочу материалдар боюнча - толугу менен аткарылган.

"Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү тарабынан 1917 ГОСТ иштеп чыгуу пландаштырылган,  алардын 687си эл аралык жана регионалдык талаптарга негизделген", - деп белгиледи Валерий Корешков.

Маалымат:

Евразия экономикалык бирлигинде стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташуу Евразия экономикалык комиссиясы менен Стандартташтыруу, метрология жана тастыкташтыруу боюнча КМШ мамлекеттер аралык кеңешинин ортосунда, ошондой эле,  Евразия экономикалык комиссиясы менен Эл аралык электротехникалык комиссиянын ортосунда кол коюлган меморандумдарды жүзөгө ашыруунун алкагында, андан тышкары, комитеттердин жана Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун жумушчу тобунун ишине Бирликтин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын катышуусу аркылуу жүргүзүлөт. ​