Sign In
ЕЭК жана ЕАТ кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө келишишти

ЕЭК жана ЕАТ кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө келишишти

DSCN1066-1.jpg
10.07.20
Е​ЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков жана Росфинмониторингдин директору, ЕАТнын Төрагасы Юрий Чиханчин Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты. 

Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы жарандар жана уюмдар үчүн шексиз пайдадан сырткары, акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү зарылчылыгына байланыштуу контролдоочу мамлекеттик органдардын алдына кошумча милдеттерди коёт деп белгилешти. Комиссиянын бул маселелердин үстүнөн иши Бирликтин бүткүл каржы тутумунун ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө тийиштүү тобокелдиктерди азайтууга жардам берет. 

Накталай акча каражаттарынын чек ара аралык өткөрүлүшү жөнүндө маалымат алмашуу өзгөчө маанилүү. 

Тимура Жаксылыковдун айтуусу боюнча, ЕАЭБдин укугунда Бирликтин бажы аймагы аркылуу накталай акча каражаттарын жана акча куралдарын алып өтүү жагында акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо маселелери тикелей жөнгө салынат. Ошол эле мезгилде Комиссия тарабынан иштелип чыккан каржы чөйрөсүндөгү жана башка чөйрөлөрдөгү эл аралык келишимдердин долбоорлору жакшылап иштеп чыгууну жана Акчаларды адалдоо менен күрөшүү боюнча каржылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) сунуштамаларына шайкештикти баалоону талап кылат. 

ЕЭК министри ЕАТнын акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун типтүү ыкмаларын, ошондой эле бул чөйрөдөгү улуттук тутумдардын кем жерлерин изилдөөгө багытталган типологиялык изилдөөлөрүндө Комиссиянын адистеринин катышуусуна кызыкдарлыгын билдирди. 

Маалымат

Акчаларды адалдоо менен күрөшүү боюнча каржылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ) 1989-жылы "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн чечими менен түзүлгөн. Бул акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттарды (учурда 40 негизги жана 9 атайын Сунуштаманы) иштеп чыгуу жана имплементациялоо менен алектенген негизги эл аралык институт болуп саналат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Резолюциясына ылайык (2015-ж. № 1617), ФАТФтын сунуштамалары БУУнун мүчө мамлекеттери тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналат. 

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ (ЕАТ) – ФАТФ сыяктуу регионалдык топ. Анын ишмердиги региондогу мамлекеттерге кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн тийиштүү укуктук жана институционалдык негиздерин түзүүдө көмөк көрсөтүүгө багытталган. ЕАТ ФАТФтын методологиясынын негизинде мүчө мамлекеттердин бул чөйрөдөгү улуттук тутумдарына өз ара баалоолорду жүргүзөт, акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун типологиясын изилдейт жана мүчө мамлекеттерге көмөк көрсөтүү программаларын ишке ашырат.

ЕАТ мүчөлүгүнө тогуз мамлекет кирет – Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Армения ЕАТнын ишмердигинде байкоочу катары катышат. ЕЭК ЕАТдагы байкоочунун статусу 2016-жылы алган.