Sign In
ЕАЭБдин чек араларындагы көйгөйлөр бир кыйла ыкчамыраак чечилмекчи

ЕАЭБдин чек араларындагы көйгөйлөр бир кыйла ыкчамыраак чечилмекчи

IMG_7466.jpg
10.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 10-июлда Евразия экономикалык бирлигинде товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш жагдайларды жоюу үчүн комитетти түзүүнү тапшырды.  

Комитетти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жетектемекчи. Ага Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Олег Панкратов, Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Виктор Назаренко жана Андрей Слепнёв кирмекчи.  

Комитет келишпестиктерди, талаш жагдайларды жоюу жана ЕАЭБде товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча "жол картасын" иштеп чыгуу менен алектенмекчи. Бирликтин мамлекеттери ага өздөрүнүн сунуштарын 27-июлга чейин көрсөтүшмөкчү.  

"Жол картасына" мүчө мамлекеттердин ортосунда, анын ичинде ички чек аралар аркылуу өткөрүлүүчү Бирликтин товарларына карата контролдук иш-чараларды жоюуга же азайтууга, Бирликтин тышкы чек арасындагы контролдук иш-чаралардын натыйжаларына өз ара ишенимдин деңгээлин жогорулатууга багытталган кадамдар кирет деп болжолдонууда. Мындан сырткары, планга Бирликте товар жүгүртүүнүн ачыктыгын, аны эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар киргизилет.  

"Жол картасы" ЕЭК Кеңешинин бекитүүсү үчүн көрсөтүлмөкчү.​