Sign In
ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

IMG_7479.jpg
10.07.20

Бүгүн ЕЭК Кеңешинин видеоконференция режиминдеги  отуруму болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 10-июлда Евразия экономикалык бирлигинде товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш жагдайларды жоюу үчүн комитетти түзүүнү тапшырды.

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону көрсөтүү керек болгон учурлар үчүн товарларды транзиттөөнүн учурда ЕАЭБде аракеттенген тутумун жеңилдетүү боюнча Макулдашууну түзүүнү пландаштырышууда.

Евразия экономикалык бирлигинин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Документ "калыбына келтирилген сүткө" талаптар менен толукталды, ал керектөөчүлүк таңгакка өлчөп куюлган сүт азыктарынын категориясына киргизилди. Ошентип, аны идентификациялоо жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча аныксыздык жоюлду.

Ошондой эле, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү бекитти.​