Sign In
ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык контроль механизми өркүндөтүлдү

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык контроль механизми өркүндөтүлдү

IMG_7485.jpg
10.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши  Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү бекитти.


Алар карантиндик фитосанитардык контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана рыноктун Бирликтин укугун аткарган ак ниет катышуучуларынын ишмердиги үчүн бир кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.


Жобо карантиндик продукциянын "өтүнмө берүүчүсү" жана "алуучусу" терминдери менен толукталды. Тажрыйбада бул карантинге алынуучу продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрдүн ортосунда алып өтүүдө аны баруучу жердин мамлекеттеринде көрсөтүү үчүн жооптууларды аныктоого мүмкүндүк берет.​