Sign In
Карине Минасян: «ЕАЭБдин тоскоолдуктарсыз бирдиктүү рыногун санариптик ачыктыкка негизделген өздүк тартип аркылуу гана түзүүгө болот»

Карине Минасян: «ЕАЭБдин тоскоолдуктарсыз бирдиктүү рыногун санариптик ачыктыкка негизделген өздүк тартип аркылуу гана түзүүгө болот»

10.09.19

26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин рынокторун бириктирүү маселелери талкууланмакчы. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян «ЕАЭБдин ички рыногу – мифтер жана реалиялар» деп аталган панелдик талкууда катышмакчы.  

ЕАЭБдин аймагында товарлардын, эмгекчилердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин кыймылы тоскоолдуксуз болууга тийиш. Бирок көп учурларда Бирликтин мүчө мамлекеттери ички чек араларда чектөөчү чараларды колдонушат, ал эми бул ЕАЭБ жөнүндө келишимдин негизги принциптерине каршы келет.

ЕАЭБдин ички рыногундагы учурдагы жагдайга, ишеним жагынан алганда, ички рыноктун тоскоолдуктарсыз натыйжалуу иштөө фактору жана Бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылынын кепилдиги катары талдоо жүргүзүлмөкчү.

Сессиянын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жана экономикалык интеграция үчүн жооптуу мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү жана эксперттери ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды талдашат, аларды жоюу боюнча ЕЭКтин учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришет. Ошондой эле, катышуучулар санариптештирүүнүн Бирликтин товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, капиталынын жана жумушчу күчүнүнүн эркин кыймылына таасирин талкуулашат.

Талкууга алуу пландаштырылып жаткан темалардын арасында – товарлардын жана жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндиги мамлекеттик контролдон канчалык деңгээлде «эркин» экендиги. Ички рыноктун иштөөсүн камсыз кылууда Бирликтин өлкөлөрүнүн профилдик ведомстволорунун ортосундагы өз ара ишеним маселелери, ички рыноктогу төрт «эркиндикти» камсыз кылууга санариптештирүүнүн таасири, анын мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелдиктери каралмакчы.


Сессия ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча блогу тарабынан уюштурулат.

«Бирликтин товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, капиталынын жана жумушчу күчүнүн тоскоолдуктарсыз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз бирдиктүү рыногун бизнестин санариптик трансформациясы жана санариптик ачыктыкка негизделген мамлекеттик контроль аркылуу гана түзүүгө болот деп ишенем, дейт Карине Минасян. – Дал ушундай өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы Евразия бирлигинин көп жылдарга карай атаандаштыгын аныктамакчы. Биз бул маселени «санариптин» жардамында кантип чечүү керектигин түшүнүшүбүз зарыл».


Талкууга катышууга төмөнкүлөр чакырылган:

·                     Варос Симонян, Армения Республикасынын экономика министринин орун басары;

·                     Елена Перминова, Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары;

·                     Жанель Кушукова, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция боюнча вице-министри;

·                     Алмаз Сазбаков, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлү;

·                     Михаил Бабич, Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары;

·                     Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.

Кесиптик кызыкчылыктар чөйрөсү ЕАЭБ өлкөлөрүндө чек ара аралык соода жүргүзүү, жумушка орношуу жана жумуш менен камсыз болуу, кызматтарды көрсөтүү жана каржы ишмердиги менен байланышкан бардык жактарды сессияга катышууга чакырабыз. 

Панелдик сессия жана жалпы эле Форум жөнүндө кошумча маалыматтар менен eurasianweek.com сайтынан таанышууга болот.

Маалымат
«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган. «Евразия жумалыгынын» программасында үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаны уюштуруу каралган: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышмакчы.

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com.