Sign In
ЕЭК Евразия патенттик уюмун мааракеси менен куттуктады

ЕЭК Евразия патенттик уюмун мааракеси менен куттуктады

image_01.jpg
10.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев 9-сентябрда ЕАПУнун штаб-квартирасында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) президенти Сауле Тлевлесова менен жолугушту.


Аскар Кишкембаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Сауле Тлевлесованы уюмдун негизделгендигинин 25 жылдыгы менен куттуктады жана Евразия патенттик уюмунун бирдиктүү патент мейкиндигин түзүүгө кошкон салымын белгилеп өттү. Ал ЕАПУнун президентине ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун куттуктоосун билдирди.


"Сиздин ведомствоңуздун ийгиликтүү ишмердигинин аркасында Евразия патенттик тутуму улуттук жана регионалдык чектерден чыгып, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун жогорку стандарттарына жооп берген натыйжалуу тутум катары дүйнөлүк таанууга ээ болду
, – деп айтылат катта. – Сизди жана бүткүл көп улуттуу жамаатыңыздарды мааракеңиздер менен куттуктайм жана көздөлгөн пландардын жана максаттардын ийгиликтүү ишке ашуусун, чоң чыгармачыл жана кесиптик ийгиликтерди каалайм". 

Тараптар андан аркы конструктивдүү диалогго ишенимин билдиришти.