Sign In
ЕЭК Израиль менен агрардык инновациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө

ЕЭК Израиль менен агрардык инновациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө

11.06.20

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексине жаңы технологияларды киргизүү боюнча тармактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Израилдин Тышкы иштер министрлигинин жана Экспортту жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча институтунун көмөк көрсөтүүсү менен Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын бир катар израилдик уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.


AgriTask, Teshuva Agricultural Projects, Aqua MAOF, Tama Group, Green Seeds жана Terra Verde Agriculture компанияларынан турган израилдик тарапка Бирликтин мамлекеттеринде киргизүү перспективдүү болуп саналган балык чарба, теплица комплекстери, үрөнчүлүк чарбасы, маалыматтык платформалар ж.б. сыяктуу чөйрөлөрдөгү инновациялык технологиялар көрсөтүлдү.


Жолугушуунун катышуучулары ЕЭКтин жана Израилдин Экспортту жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча институтунун өз ара аракеттенүүсүн андан ары өнүктүрүү, инновациялык-технологиялык тармактагы кооперацияны бекемдөө жөнүндө келишишти.​