Sign In
“Греция - ЕАЭБ” форуму Европанын ЕАЭБ менен кызматташтыгынын жаңы форматына старт берди

“Греция - ЕАЭБ” форуму Европанын ЕАЭБ менен кызматташтыгынын жаңы форматына старт берди

11.09.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Грециянын ишкерлеринин ортосунда тике ишкердик мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, жогорку технологиялык тармактарда кызматташтыкка өтүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян “ЕАЭБ - Греция: кызматташтык жана өнүгүү үчүн жаңы көпүрө” ишкердик форумун ачып жатып билдирди. Иш-чара 11-сентябрда Салоникиде (Греция) өз ишин баштаган.

“ЕАЭБ өлкөлөрү менен Грециянын узак жана туруктуу экономикалык байланыштары бар, ал Биримдиктин Европадагы негизги соода өнөктөштөрдүн ондугуна кирет, - деп белгиледи Тигран Саркисян. - Ошондуктан Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, беш өлкөнүн бизнес-коомчулугу жана грециялык ишкерлер кызматташтыктын практикалык аспектилерин талкуулай ала турган, диалог үчүн аянтча түзүшү өтө маанилүү”.  Алардын бири “ЕАЭБ - Греция” ишкер форуму болушу мүмкүн, аны өткөрүү туурасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас 2017-жылдын февралындагы жолугушуунун учурунда макулдашышкан. Тигран Саркисяндын пикири боюнча, бул маанилүү жана өз убагындагы демилге. Форум Греция да, ЕАЭБ өлкөлөрү да экономикалык өсүш фазасына кирген учурда өткөрүлүүдө.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы форумдун катышуучуларынын көңүлүн евразиялык мейкиндикте жаңы экономикалык реалдуулук - Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөндүгүнө бурду, ал өз ара иштешүүнүн мурдагы тажрыйбасын өзгөртүп, ишкер өнөктөштөр жана ошондой эле ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин өзү үчүн жаңы шарттарды түзүүдө.  Тигран Саркисяндын пикири боюнча, Евразия экономикалык комиссиясы Биримдик сунуштган артыкчылыкар жөнүндө көбүрөөк айтып бериши зарыл - техникалык регламенттер жөнүндө, тоскоолдуксуз чөйрө, товарлардын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө багыт жөнүндө, ошондой эле өз ара иштешүүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп жана ЕАЭБтин жалпы рынокторунун иштөө принциптерин түшүндүрүшү зарыл. Жогоруда айтылгандарды түшүнүү 2017-жылдын августунда ЕЭКтин жана Грециянын өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюунун негизги себептеринин бири болгон. Мындай форумдар “биз өз ара аракеттешүүнүн жалпы түшүнүгүн калыптандыра ала турган, аны ичинде инновациялык иштеп чыгуулар, санариптик технологиялар жана илимий-техникалык прогресстин башка перспективдүү багыттарынын чөйрөсүндө мындан аркы кызматташтыктын стратегиясын түзө баштай турган”  “чогултуу түйүндөрү” болушу мүмкүн.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле форумдун катышуучуларынын көңүлүн дүйнөлүк экономиканын жаңы тренддерине бурду. “Дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн ар тараптуулугу жана ар түрдүүлүгү ар бир өзүнчө алынган өлкөнүн салыштырмалуу артыкчылыктарын капитализациялоо үчүн таң калыштуу шарттарды түзүүдө.  Бул көз караштан алып караганда, ЕАЭБ - мыкты мисал: аянты жана калкынын саны, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээли ар кандай жана экономикасынын түзүмү да айырмаланган беш өлкө бирдиктүү экономикалык бирикме түзүштү, бирикме ар бир катышуучунун экономикалык өсүшү жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүдө. Бул заманбап жашоонун феномени жана ал ар тараптуулук жана ар түрдүүлүк өсүштүн булагы боло аларын көрсөтөт”, - деп эсептейт Тигран Саркисян.

Греция Республикасынын өкмөтүнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Георгиос Катругалос билдиргендей, Грециянын экономикасы кайрадан өсүүдө жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү өзгөчө мааниге болууда. Грециянын географиялык жайгашуусу ага Европанын жана Азиянын ортосунда өнөктөштүктүн көпүрөсү болууга мүмкүндүк берет. “Биз экономиканын ар кандай тармактарында тажрыйба алмашып, соодалашып жана ийгиликтүү кооперациялык долбоорлорду түзгүбүз келет, бирок бул үчүн биз бири-бирибизди жакшыраак билишибиз керек”, - деп Георгиос Катругалос өз сөзүн кызматташтыкка мындай чакырык менен аяктады.

Россия Федерациясынын транспорт министри, россия-грециялык өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Максим Соколов форумдун катышуучуларын көңүлүн ЕАЭБ да, Греция мүчөсү болуп эсептелген Евросоюз да евразиялык натыйжалуу транспорттук системаны куруу жана Лиссабондон Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү маселелеринде кызматташтык үчүн көп үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар экенине бурду. Россиянын транспорт министринин пикири боюнча, бул үчүн бардык шарттар бар, анткени өзүнүн улуттуктун үстүндөгү табиятынын аркасында транспорттук тармак эчак эле мамлекеттик чек аралар менен чектелбейт. Трансконтиненталдык транспорттук коридорлорду түзүү боюнча биргелешкен иш дүйнөлүк чарбанын түзүмүн оптимизациялоого өбөлгө түзөт: чийки заттын булактарына, сатылыштын жаңы рынокторуна жеткилик кеңейет, ЕАЭБтин жана европалык өлкөлөрдүн ортосунда товар айланымы өсөт. Бул үчүн Биримдиктин өлкөлөрү ички тоскоолдуктарды алып салуу жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы евразиялык рыногун түзүү боюнча чоң ишти жасашты.

Пленардык сессия аяктагандан кийин форумдун катышуучулары ишти тегерек столдордо жана дискуссиялык панелдерде улантышты. Талкуулардын негизги темаларынын катарында - энергетика, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө өз ара иштешүү, логистикалык инфраструктураны, агрардык жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, Биримдиктин өлкөлөрүнө жеткирилген продукцияны техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн колдонуудагы жана иштелип чыгарылып жаткан ченемдерине ылайыктоо, ошондой эле Грециянын ЕАЭБ менен тышкы экономикалык өз ара аракеттешүүсүнүн сапаттуу жаңы деңгээлин калыптандыруу үчүн инновациялык идеяларды издөө болду.

Иш чарага ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский, ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков, Россия Федерациясынын транспорт министри Максим Соколов, Армения Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана инвестициялар министринин орун басары Оганес Азизян, Греция-Россиялык мамилелердин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Димитриос Баколас, Армениянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин президенти Арсен Казарян, Греция Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Георгиос Катругалос, Греция Республикасынын экономика жана өнүктүрүү министринин орун басары Стергиос Пициорлас, Грециянын Экономика жана өнүктүрүү министрлигинин стратегиялык жана жеке инвестициялар боюнча башкы катчысы Лоис Лабрианидис, “Бириккен кеме куруу корпорациясы” АК президенти Алексей Рахманов, Түндүк Грециянын Өнөр жайчылар федерациясынын төрагасы Афанасиос Саввакис, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Россиянын Аймактык банктар ассоциациясынын президенти Анатолий Аксаков, “Росконгресс” фондунун директору Александр Стуглев, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Грециядагы элчилери жана Биримдиктин, Грециянын, ошондой эле Кытайдын мамлекеттик бийлик жана бизнес-чөйрөлөрүнүн башка өкүлдөрү катышышты.

Форум T.I.F. 2017 жыл сайын өткөрүлүүчү көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин алкагында өттү. Форум Грециянын маанилүү экономикалык иш-чарасы болуп саналат жана Солоники шаарында токсон жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келет.   Быйылкы жылы жарманкенин ардактуу коногу - Кытай Эл Республикасы. Бул “ЕАЭБ - Греция: кызматташтык жана өнүгүү үчүн жаңы көпүрө” ишкер форумунун катышуучулары жана коноктору үчүн евразиялык мейкиндик идеясын Европанын жана Азиянын ортосундагы табигый көпүрө жана хаб катары жүзөгө ашыруу менен европалык гана эмес, азиялык өнөктөштөр менен да ишкердик байланыштарды жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, “Росконгресс” фонду, Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдиги, Enterprise Greece, Helexpo болушту.

 ​