Sign In
ЕЭКте АЭКБнын платформасында Евразия тикелей инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

ЕЭКте АЭКБнын платформасында Евразия тикелей инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

IMG_4737.jpg
11.09.20

Евразия экономикалык комиссиясы "Астана" Эл аралык каржы борбору (АЭКБ) менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинде өнүгүү институттарынын ишмердигинин маселелери боюнча семинар өткөрдү.

Буга чейин мамлекеттердин өнүгүү деңгээлдерин теңдөө максатында жаңы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү зарылдыгы жөнүндө пикирин Кыргыз Республикасы билдирген эле. Сунушту иштеп чыгуу үчүн интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьевдин төрагалыгы алдындагы Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу аткаруучу бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн жана эксперттерден турган атайын жумушчу топ түзүлгөн.

"Астана" Эл аралык каржы борборунун иш тажрыйбасы менен таанышкандан кийин биз жаңы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча милдеттерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору жөнүндө кошумча түшүнүктөрдү алышыбыз мүмкүн", – деп Сергей Глазьев семинарды ачып жатып белгиледи. 

АЭКБнын башкаруучусу Кайрат Келимбетов АЭКБнын платформасында Евразия (регионалдык) тикелей инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Каржы борборунун өкүлдөрү биргелешкен иш үчүн перспективдүү багыттар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүштү, платформа берген артыкчылыктар, анын ичинде англис укугуна ылайык иштөө, жеңилдетилген салык режими, каржы технологияларынын кеңири спектри, долбоорлорду каржылоо үчүн эл аралык капиталды тартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып беришти.

Каржы борборунун өкүлдөрү АЭКБ биржасы капиталды тартуу үчүн, анын ичинде "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталды тартуу үчүн эл аралык аянтча катары түзүлгөндүгүн белгилеп өтүштү. Бул демилге менен байланыштыруу евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунда белгиленген милдеттердин бири болуп саналат. 

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин учурда аракеттенип жаткан өнүгүү институттарынын – Армениянын Өнүгүү жана инвестициялар корпорациясынын, Беларусь Республикасынын Өнүктүрүү банкынын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү өзүнүн иш тажрыйбасы жана Бирликтин алкагында мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүгө көз караштары менен бөлүшүштү. 

 

Семинардын жыйынтыктары боюнча сунуштар Комиссиянын Кеңешинин отурумуна карата материалдарга киргизилет.​