Sign In
ЕЭК Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартибин өзгөртүүнү жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына контролду күчөтүүнү сунуш кылууда

ЕЭК Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартибин өзгөртүүнү жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына контролду күчөтүүнү сунуш кылууда

КК по техрегу-В.В.Назаренко-11_10_2019.jpg
11.10.19

Бирликте товарлардын коопсуздугу маселелерин жөнгө салуучу негизги документтерди – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 10-октябрда Москвада Комиссиянын штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча Консультативдик комитетинин ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөн отурумунда сөз кылынды.

 

Ушул жылдын сентябрь айында ЕЭК Коллегиясы тийиштүү чечим кабыл алган. Ноябрда бул маселе Комиссиянын Кеңешине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде талкууга чыгарылмакчы. ЕЭК Кеңешинин тескемесинин долбоору ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушту 2020-жылдын 1-февралына чейин Кеңештин кароосуна чыгаруу жөнүндө Комиссиянын Коллегиясынын тескемесин камтыйт. Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана тийиштүү жол-жоболорду оптималдаштыруу каралган. Ошондой эле, аталган Тартипте техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун жүрүшүнө жана кабыл алынган техникалык регламенттердин колдонулушуна талдоо жүргүзүүнү бекитүү белгиленген.

 

Мындан сырткары, ЕЭК Кенешинин ноябрдагы отурумунда 2022-жылга чейин Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планынын аткарылбагандыгынын себептерин кенен талкуулоо жана талкуунун натыйжалары боюнча аталган жагдайды жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу пландаштырылган.

 

«Тартипти өзгөртүү боюнча сунуштар жана жалпы эле бул темага өзгөчө көңүл бөлүү Комиссия кезектеги мониторингдин жүрүшүндө Бирликтин өлкөлөрүндө бирдиктүү техникалык регламенттердин үстүндөгү иштин темптеринин олуттуу басаңдашын аныктагандыгы менен байланыштуу, – деп Виктор Назаренко баса белгиледи. – ЕАЭБдин планга коюлган жыйырма үч техникалык регламентинин ичинен бүгүнкү күндө он бири гана иштелип чыккан. Планды аткаруу натыйжасы – 50%дан аз. Техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча жагдай мындан да начар – пландын үчтөн бир бөлүгү да аткарылган эмес: отуз жети долбоордун ичинен он бири гана иштелген».

 

Евразия экономикалык комиссиясынын министри мунун негизги себептерин атап өттү. Алардын катарында – «мамлекеттерде макулдашуу жол-жоболоруна, анын ичинде Комиссиянын аянтчасындагы кеӊешмелерге формалдуу мамиле жасалгандыгы. Иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүү адистердин жана эксперттердин деңгээлинде иш ашырылат, ал эми көп учурларда кеӊешмелердин катышуучуларынын деңгээли конкреттүү чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз».

 

Ошондой эле, Виктор Назаренконун айтуусу боюнча, улуттук деңгээлде бардык кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарын жана чарба жүргүзүү субъектилерди долбоорлорду кароого тартуунун жана ведомстволордун ортосунда келишпестиктер болгон учурда бирдиктүү позицияны иштеп чыгуунун реалдуу механизмдери жок болууда. Бул улам кайталануучу, көп сандагы отурумдарга алып келүүдө. Айрым учурларда Комиссиянын аянтчасындагы талкуу бардык мүчө мамлекеттердин жана Комиссиянын катышуусунда бир өлкөнүн бирдиктүү позициясын иштеп чыгуу аракеттери болуп жатат.

 

Мындан сырткары, иштеп чыгуунун айрым катышуучулары бирдиктүү талаптардын белгиленишине жана мыктыланышына кызыкдар эмес. Анткени алардын кабыл алынышы алар үчүн рынокту ведомстволук же улуттук документтердин эсебинен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Натыйжада – тараптардын позициялары, анын ичинде мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктары өз убагында берилбей, макулдашуу мөөнөттөрү кээде бир жарым жылга чейин созулууда.

 

Дагы бир себеп – Техникалык регламенттерди иштеп чыгуу тартиби менен белгиленген айрым жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн узактыгы жана кайталанышы. Бирок, жок дегенде, бул себеп жакынкы убакытта жоюлушу мүмкүн.

 

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартибине «Жеке коргонуу чараларынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке түзөтүүлөрдү даярдоо жөнүндө пункт менен толуктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдүн долбоорун ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн жактырышты.

 

Айрым жеке коргоонуу каражаттарына карата дардоочу тарабынан берилген эксплуатациялык документтердин мазмунуна талаптарды, миграциялардын жол берилген санынын параметрлерин жана химиялык каражаттардын айрым түрлөрү боюнча, анын ичинде формальдегиддин, боёгучтардын курамындагы химиялык каражаттардын чектүү концентрацияларын ж.б. тактоо каралган.

 

Бирликтин техникалык регламенттерин ишке ашыруу жана актуалдуу мамлекеттер аралык стандарттарды колдонуу шарттарын түзүү, ошондой эле техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн бирдиктүү эрежелери жана ыкмалары боюнча баалоону ишке ашыруу үчүн, бир катар техникалык регламенттерге карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмектери ЕЭК Коллегиясынын кароосуна жиберүү үчүн жактырылды. Алардын катарында: Бирликтин азык-түлүк продукциясына, оюнчуктарга, мөмө-жемиштерден жана жашылчалардан жасалган ширелерге, таңгактарга, кичине кемелерге; ашыкча басым астында иштөөчү жабдууларга; балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукцияга карата техникалык регламенттери.

 

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү баары болуп 19 маселени карап чыгышты жана санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар жаатындагы бир катар документтерди жактырышты, алар Бирликтин ченемдик-укуктук актыларын эл аралык стандарттар, сунуштамалар жана колдонмолор менен шайкеш келтирүүгө, ошондой эле эл аралык жана өз ара соодадагы соода жол-жоболорун жеңилдетүүгө жардам берет. Алар ЕЭК Коллегиясынын отурумунда талкууланмакчы.