Sign In
Адамкул Жунусов эл аралык транспорт форумунун пленардык дискуссиясында транспорттук тармактын санариптик трансформациясын тааныштырды

Адамкул Жунусов эл аралык транспорт форумунун пленардык дискуссиясында транспорттук тармактын санариптик трансформациясын тааныштырды

day2_section7_11.jpg
11.12.17

“Санариптештирүү” негизги технологиялык тренд гана болбостон, коомдогу, соодадагы жана товардык рыноктордогу, өнөр жайындагы, транспорттогу, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү глобалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болуп калды”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов, “Транспорттук жума-2017” эл аралык форумунун пленардык дискуссиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.

Ал санарип күн тартиби Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналарын жана Биримдик өлкөлөрүнүн Транспорттук саясатынын негизги багыттарында да каралгандыгын белгилеп өттү. Аны жүзөгө ашыруу боюнча “жол карталарында” транспорттун бардык түрлөрү үчүн электрондук документ айланымына өтүү, интеллектуалдык транспорттук системалардын масштабдуу ишке киргизилиши жана транспорт каражаттарынын электрондук диагностикасы, “бирдиктүү терезе” жана санариптик логистика боюнча иш-чаралар каралган.

Панелдик дискуссияда ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Латвиянын каттамдар министри Улдис Аугулис, Монголиянын жолдорду өнүктүрүү жана транспорт министри Жадамбын Бат-Эрдэнэ, КЭР транспорт министринин орун басары Дай Дунчан, Россия Федерациясынын транспорт министринин орун басары Алан Лушников, Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин, ШКУ башкы катчысы Рашид Алимов, БУУ ЭСКАТО аткаруучу катчысынын орун басары Хахм Хонгжу, БУУ ЕЭК туруктуу транспорт бөлүмүнүн директорунун м.а. Вальтер Нисслер, “Россиялык темир жолдор” ААК директорунун биринчи орун басары Александр Мишарин чыгып сүйлөштү.