Sign In
ЕЭК министри Татьяна Валовая Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту камсыздоого ЕАЭБтин салымы жөнүндө

ЕЭК министри Татьяна Валовая Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту камсыздоого ЕАЭБтин салымы жөнүндө

11.12.17

“ЕАЭБ Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту өнүктүрүүгө өз салымын кошо баштады”, - деп ишенет Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Министрдин пикири боюнча, бул чөйрөдө Биримдиктин потенциалы бийик жана негизги эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ системасынын түзүмү тарабынан жогору бааланат. Бул туурасында Татьяна Валовая 8-декабрда Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) мүчө өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 24-отурумунун алкагында өткөн “Чоң Европа аймагындагы жана евразия мейкиндигиндеги экономикалык байланыштуулук, соода-экономикалык мамилелер” атайын эксперттик дискуссиясында билдирди.

Иш-чаранын уюштуруучусу Прикладдык системалуу иликтөө эл аралык институту  (IIASA) болду. Иш-чаранын ардактуу коноктору Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей жана Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов болушту.

“Бүгүнкү күндө аймактык экономикалык интеграция мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын драйвери экендиги көпчүлүк үчүн айкын, бул экономикалык өнүгүүдөгү диспропорцияларды теңдөөгө, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн көбүрөөк конвергенциясына жана акыркы натыйжада калктын жашоо деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзөт”, - деп билдирди Татьяна Валовая.  Мындан тышкары, министр өз сөзүндө БУУ туруктуу өнүгүүсүнүн максаттары үчүн ЕАЭБ аймагындагы жетишкендиктер жөнүндө докладды даярдоо ЕЭКте жасалган аналитикалык иштин айрым жыйынтыктарын келтирди. Бул документ аймактык экономикалык бирикме тарабынан иштелип чыгарылган биринчи документ болду. Анын презентациясы 2017-жылдын июлунда БУУда өткөрүлгөн.

ЕЭК министри баса белгилегендей, көбүнесе интеграциялык натыйжалардын аркасында 2017-жылы ЕАЭБ мүчө мамлекеттери экономикалык өсүштүн позитивдүү динамикасына чыга алышкан. Буга чейин, 2014-2016-жылдары, татаал тышкы экономикалык конъюнктурага карабастан, Биримдиктин алкагында евразиялык экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү өзөктүү социалдык-экономикалык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча олуттуу артка кетүүлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берген. ЕАЭБ форматында кызматташтыкты тереңдетүүдөн позитивдүү натыйжаларды көбүрөөк деңгээлде Биримдиктин жаңы мүчөлөрү - Армения жана Кыргызстанда билинген, алар бир катар көрсөткүчтөр боюнча ЕАЭБ боюнча башка өнөктөштөрүнөн олуттуу алдыда.

Дискуссиянын жүрүшүндө Татьяна Валовая ошондой эле тигил же бул бирикменин алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүү гана эмес, көбүрөөк деңгээлде аймактык интеграциялык бирикмелердин жана Евразиядагы өзүнчө мамлекеттердин ортосундагы диалог да экономикалык кызматташтыктын жана байланыштуулуктун бекемдешине көмөк көрсөтөрүнө көңүл бурду. Министр өз ара аракеттешүүнүн потенциалы толук өлчөмдө ачыла элек деп ишенет. “Экономикалык байланыштуулук жөнүндөгү бүгүнкү дискуссия ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында өтүп жатканы кубандырат, - деп билдирди ЕЭК министри конференциянын жыйынтыктары боюнча. - ЕККУнун уникалдуу мүнөзүн жана экономикалык абалдын потенциалын эске алуу менен, уюмдун аянтчасы интеграциялардын ортосунда диалогду илгерилетүү жана өнүктүрүү үчүн табылгалуу жер болушу мүмкүн”.