Sign In
ЕАЭБтин биринчи санариптик демилгелери ишке киргизилмекчи

ЕАЭБтин биринчи санариптик демилгелери ишке киргизилмекчи

11.12.17

“Жакынкы убакытта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик көзөмөлдөөгө байланыштуу, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун алкагындагы биринчи долбоор ишке киргизилет. Ал баарыдан мурда соода чөйрөсүндө жана албетте, маморгандар үчүн өз ара санариптик алмашууга жана өз ара иштешүүгө шарттарды түзөт”, - бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян  IV Евразия экономикалык конгрессинде билдирди.

Министрдин сөзү боюнча, санариптик көзөмөлдүк бизнеске, керектөөчүлөргө жана мамлекеттик органдарга товардын өндүрүлгөндөн баштап сатып алуучуга чейинки жолун көрүүгө жана түзмөктүн бардык катышуучуларынын өз ара иштешүүсүн жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Карине Минасян эскертип өткөндөй, 11-октябрда ЕАЭБ өлкөлөрү Биримдиктин 2025-жылга чейинки Санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттарын бекитишкен. “Документ евразиялык интеграциядагы жаңы санариптик баракчаны ачты, - деп билдирди ЕЭК министри. - Анда биз санариптик интеграциянын алкактарын аныктадык. Башкача айтканда, санариптик үн тартипти кайсыл багыттарда биргелешип жүзөгө ашырарыбызды чечтик. Ошондой эле жүзөгө ашыруунун механизмдери жазылган. Күн тартипти эң тез жана ишенимдүү жол менен - демилгелер аркылуу жүзөгө ашыруу чечилген”.

Продукциянын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылынын жана Биримдиктин санариптик активдеринин санариптик көзөмөлдүүлүгү - демилгелер үчүн артыкчылыктардын биринчиси. Бүгүнкү күндө алардын алтоосу бекитилген. Дагы бешөө бул: санариптик соода, санариптик транспорттук коридорлор, санариптик өнөр жай кооперациясы, дайындар айланымы жөнүндө макулдашуу, жөнгө салуучу “кумдуктар” системсы.

Болжолдуу эсептер боюнча, ЕАЭБтин биргелешкен санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу Биримдикке жылына 1% чейин ИДӨнүн кошумча өсүшүнө, ошондой эле 2025-жылга карата 8 млн жакын жумушчу орундардын түзүлүшүнө алып келет. Мындан тышкары, күч-аракеттердин консолидациясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө глобалдык санариптик рыноктун толук укуктуу катышуучусу болууга мүмкүндүк берет.

Карине Минасян эксперттик жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн санариптик күн тартиптин демилгелерин жана долбоорлорун талкуулоого катышууга жана өздөрүнүн долбоорлорун сунуштоого чакырды.  “Ар бир жаран же ишкер, бизнес жана маморган ЕЭК аянтчасына өзүнүн демилгеси менен келе алат, жана бир аны аныкталган тартипке ылайык, сөзсүз түрдө карап чыгабыз”, - деп баса белгиледи Карине Минасян.