Sign In
ЕЭК жана ЭЭК электротехникасы чөйрөсүндө стандартташтыруу боюнча биргелешкен ишти активдештиришет.

ЕЭК жана ЭЭК электротехникасы чөйрөсүндө стандартташтыруу боюнча биргелешкен ишти активдештиришет.

222222222222.jpg
11.10.17

Евазия экономикалык комиссиясынын жана Эл аралык электротехникалык комиссиясы (ЭЭК) ЕЭК менен ЭЭК ортосунда техникалык жөнгө салу жана стандартташтыруу чөйрөсүндө мурда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү меморанумун ишке ашыруу маселеси боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүгө макулдашышты. Эки комиссиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген топ, Биримдик мамлекеттеринде электротехникалык продукцияларынын атаандаштык кажөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун жөнгө салу жана соодада ашыкча административдик жөнгө салуну четтетүү үстүндө иштейт.

Владивостокто өткөн ЭЭКтин башкы сессиясынын алкагында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салу жана аккредитациялоо департаментинин директору Арман Шаккалиевдин ЭЭКтин башкы катчысы Франсом Вреесвийк жана ЭЭК системасынынжетекчилери:  Электр жабдууларды сыноолордун жана сертификациялоонун натыйжаларын тастыктоо (IECEE) боюнча – Кнрри Макман жанаЖарылууга кооптуу чөйрөлөрдө пайдалануу үчүн электржабдуулардын шайкештигине баа берүү боюнча (IECEx)  Крис Агиус менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Макулдашууга жетишилген.

Жолугушууга Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана шайкештигине баа берүү боюнча өнөр жайчылар жана ишкерлердин Россия биримдиги комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Андрей Лоцманов жана IECEx системасынын төрагасынын орун басары Александр Залогин катышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Меморандумду ишке ашыруу планын талкуулашты, ага электротехникалык продукцияга талап белгилөө, илимий-техникалык, техникалык жана өз ара кызыгуу жараткан башка маалымат менен алмашуу иш чараларды камтыйт. Электр техникалык продукцияларды өндүрүүнү техникалык жөнгө салуу жана жүгүртүү, ошондой элеЕЭК эксперттеринин ЭЭК комитеттеринин ишине катышуу маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүү болжолдонууда.

Энерго натыйжалуулук жана электрмагниттик шайкештүүлүк, төмөн вольту жана жогорку вольттуу электржабдуулар, алардын пайдаланылышын камсыз кылган элетромобилдерди жана инфрструктураларды өндүрүү, акылдуутехнологиялар, санарип өнөр жай чөйрөлөрүндө стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча кадамдар, ошондой эле мамлекеттер аралык стандарттары менен(ГОСТ) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук стандарттарын  ЭЭК стандарттарынын талаптарына шайкеш келтирүү келечектери жана башка бир катар маселелер талкууланды.

"Эл аралык электротехникалык комисмия менен тыгыз кызматташуу аркылуу биз Биримдиктмн техрегламенттерин ишке ашыруу үчүн зарыл ЭЭК эл аралык стандарттарын шайкеш келтирүүгө, шайкештикке баа берүүнүн мыкты тажрыйбасын пайдаланууга жетишебиз. Бул Биримдик өлкөлөрүнүн ишканаларына эл аралык рынокко кирүүгө өбөлгө түзөт” - деп билдирди Арман Шаккалиев.

ЕЭК менен Ээк ортосунда Өз ара түшүнүшүү меморандумун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жагында, жылдын акырына пландаштырылууда.

Маалымат

Эл аралык электротехникалык комиссия - ыктыярдуу өкмөттүк эмес уюм, 1906- жылы түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү негизинен электротехникалык жана электрондук жабдуулардын физикалык мүнөздөмөлөрүн стандартташтырууга байланышкан. ЭЭК электротехникалык жана электрондук жабдуулардын коопсуздугуна, электрөлчөөлөргө, тестирлөөгө жана утилизациялоогө өзгөчө көңүл бурат 83 өлкөнүн кызыкчылыктарын көздөглн, тийиштүү тармактардагы технологияларды стандартташтыруу  боюнча улуттук уюмдар ЭЭК мүчөлөрү  болуп саналышат.

IECEE системасы сертификауиялоонун эл аралык системасы, сертификаттарды жана электрожабдуулардын МЭКСЕ система ынын алкагында алынган ЭЭК стандарттарына баа берүү пртоколдорун таануу схемасы.

IECEx системасы- электржабдуулары жардырууга кооптуу чөйрөдө пайдаланылышына шайкештигине бап берүү боюнча ЭЭК системасы.