Sign In
БУУда ЕАЭБ аймагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жөнүндө ЕЭКтин баяндамасы сунушталды

БУУда ЕАЭБ аймагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жөнүндө ЕЭКтин баяндамасы сунушталды

12.07.17

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү жөнүндө баяндаманы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында тааныштырды. БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда - БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатында күн тартибинин мониторинги боюнча негизги иш-чарада ачык талкуу үчүн мындай баяндама даярдаган биринчи аймактык интеграциялык бирикме ЕАЭБ болду.

“Мамлекеттер туруктуу өнүгүүнүн максаттарында жетүүсү боюнча глобалдык демилге туруктуу өнүгүү жаатындагы узак мөөнөттүү стратегиялардын жана программалардын күчтүү катализатору болду, - деп билдирди Олег Панкратов. - Ошол эле учурда БУУ бул жаатта прогресске жетишүүгө жаңы импульс бере ала турган аймактык интеграциялык бирикмелердин мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө маани берүүсү маанилүү”.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри ЕАЭБ өнүктүрүү артыкчылыктарынын жана ТӨМ өз ара байланышын белгилеп өттү. Ал баса белгилегендей, ал ТӨМ көрсөткүчтөрүнө жетүүдөгү прогресс Биримдик өлкөлөрүнүн иш-аракеттеринин бирдиктүүлүгүнүн аркасында жетишилүүдө. Алардын өнүктүрүү программалары улуттук өзгөчөлүктөрдү жана салттарды, ошондой эле ЕЭКтин интеграциялык күн тартибин (анын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын айкалыштыруу жана экономикаларын жакындатуу жүргүзүлөт) эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

Мындай тезисти тастыктоо катары Комиссиянын докладынан статистикалык маалыматтар келтирилди. Атап айтканда, экономикалардын масштабдарындагы айырмачылыктарга карабастан, Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлдеринин теңделишине, ошондой эле эмгек акысы жана өндүрүмдүүлүгү, илимий кадрлар менен камсыздоо сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча ажырымдардын кыскарышына алып келген тенденциялар белгиленген.  Мындан тышкары, талдоо көрсөткөндөй, ЕАЭБде жашоонун узактыгынын көбөйүшү, жумушсуздуктун көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн төмөн деңгээли байкалат.

“ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграция ТӨМгө жетишүүгө багытталган, БУУ 2030 күн тартибин жүзөгө ашырууда мүчө мамлекеттер үчүн кошумча импульс болуп калганы биз үчүн айкын, - деп билдирди Олег Панкратов. - Келечекте ТӨМгө мындан ары жетишүүгө аз эмес деңгээлде Биримдиктин 2030-жылга чейинки Экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу өбөлгө болот. Аларда ЕАЭБти өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү күн тартиби каралган, ал эми Биримдиктин жигердүү өнүгүп жаткан эл аралык ишмердүүлүгүн эске алуу менен, туруктуу өнүгүү проблематикасы ЕАЭБтин башка интеграциялык бирикмелер, түзүмдөр жана БУУ системасынын уюмдары менен кызматташуусунун негизги багыты болушу мүмкүн”. 

Аймактык деңгээлде ТӨМ жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү туурасында ошондой эле башка аймактык бирикмелердин - АСЕАН, КАРИКОМ, САДК, ЛАГ жана Европа союзунун өкүлдөрү айтып беришти. Алар ТӨМ проблематикасы боюнча жеке серептерин даярдоого кызыгуусун билдиришти.

Жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында “ЕАЭБ 2025 жана ТӨМ 2030: күн тартиптерин айкалыштыруу” тематикалык тегерек столу өткөрүлүп, ал ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибинин жана туруктуу өнүгүү жаатында БУУ күн тартибинин өз ара байланышын дыкат талдоого арналды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Биримдиктин ар кандай чөйрөлөрүндөгү интеграциялык күч аракеттердин жана конкреттүү ТӨМ жүзөгө ашыруунун ортосунда параллелдерди жүргүздү, ошондой эле ЕАЭБтин өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча актуалдуу маалыматты тааныштырды, мониторинг туруктуу өнүгүү жаатындагы прогрессти баалоо үчүн маанилүү. 

Маалымат
2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатында күн тартиби, анда ошондой эле Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттар аныкталган, БУУ Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 25-сентябрындагы резолюциясы менен кабыл алынган.

ТӨМ БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан 2000-жылы кабыл алынган Миң жылдыктын өнүгүү максаттарынын логикалык уландысы болуп саналат жана аны жүзөгө ашыруу 15 жылга эсептелген. 2015-жылы БУУ мүчө мамлекеттери жасалган кадамдарды ийгиликтүү деп таап, туруктуу өнүгүү жаатында жаңы күн тартипти кабыл алуу зарылдыгын белгилешкен.

ТӨМ келечектеги дүйнөнүн образын түзүшөт, анда жакырчылык жана ачкачылык жок, анда адамдар өзүнүн потенциалын теңдик шарттарында жана саламат айлана-чөйрөдө жүзөгө ашыра алышат, анда керектөөнүн жана өндүрүштүн рационалдуу моделдери колдонулат, азыркы жана болочок муундардын туруктуу жашоосу үчүн планетаны деградациядан сактоонун кийинки калтырылгыс чаралары кабыл алынат. 

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышына мониторинг боюнча жооптуу орган болуп БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (БУУ ЭКОСОС) эсептелет. ТӨМ жүзөгө ашыруу маселеси мамлекеттердин улуттук компетенциясына кирет.

БУУ үчүн туруктуу өнүгүү проблематикасынын маанилүүлүгүн жана перспективдүүлүгүн эске алуу менен 2015-жылы ЭКОСОС эгидасы алдында атайын жылдык механизм - Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форум түзүлгөн. Ал мамлекеттер жана башка кызыкдар уюмдар, анын ичинде аймактык экономикалык бирикмелер жогорку деңгээлде ТӨМ маселелерин талкуулай ала турган, ошондой эле Дүйнөлүк коомдоштукка Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү процесси боюнча өзүнүн докладдарын, серептерин жана башка материалдарын сунуштай ала турган аянтча болуп саналат.