Sign In
Тигран Саркисян: «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын терең интеграциясы протекционизмге карата дүйнөлүк трендди эске алуу менен мыктыланууга тийиш»

Тигран Саркисян: «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын терең интеграциясы протекционизмге карата дүйнөлүк трендди эске алуу менен мыктыланууга тийиш»

12.09.18
Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) терең интеграциялоо жолунда бара жатат, жана интеграциянын бул модели аларда протекционизмди күчөтүү элементтери байкалган дүйнөлүк тренддерди эске алуу менен мыктыланууга тийиш. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 12-сентябрда Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунун алкагында өткөн «АТРдын заманбап интеграциялык күн тартиби: ачыктык же протекционизм. ЕАЭБ үчүн сабактар» аттуу дискуссиянын жүрүшүндө билдирди.
Дискуссиянын катышуучулары, алардын арасында – ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү Вероника Никишина, Жогорку экономика мектебинин Соода саясаты институтунун директору Александр Данильцев, Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин россиялык бирлигинин президенти Александр Шохин ж.б. соода-экономикалык процесстеринин мүнөзүнүн өзгөрүү шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) заманбап интеграциялык күн тартибинин акыркы тенденцияларын жана жүрүм-турум линияларын талкуулашты. Бир жагынан, бүгүн Азия-Тынч океан регионунда (АТР) жана анын чегинен тышкары протекционисттик сезимдер өрчүп, соода чыр-чатактары курчуп жатат, экинчи жагынан, экономикалык интеграциянын эсебинен биргелешкен экономикалык өнүгүү принциптерин жактоочулук сакталып турат.
«Бүгүн АТР алдыңкы дүйнөлүк өззгөрүүлөрдүн жана деги эле дүйнөнүн бүтүндөй экономикасынын көңүл борборунда турат, анткени ал дүйнөлүк экономикалык өсүштүн негизги драйвери болуп саналат. Бул тренд жакынкы он жылдыкта да сакталат, демек, регион менен кызматташуу формасы кызыкчылыкты туудурат, – деп белгиледи Тигран Саркисян. – ЕАЭБ – кыйла жаш бирикме. Көрүнүп тургандай, бизде негиз катары кабыл алынган модель, улуттан жогорку органды түзүү менен дал ушу беш экономиканын терең интеграциясы биздин бирикме болушунча экономикалык пайда алышы үчүн глобалдуу тренддер эске алынуу менен өркүндөтүлүүгө тийиш».
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы дүйнө жүзүндө болуп жаткан фундаменталдык өзгөрүүлөр жөнүндө, анын ичинде Тынч океан аралык жана Атлантика аралык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулардын «токтотулушу» тууралуу эске сала кетти.

Тигран Саркисяндын айтуусу боюнча, ЕАЭБ интеграция жолу менен бара жатат, бул Бирликтин миссиясы. «Биз тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү алып салууга умтулуп жатабыз, мындан экономикалык өсүш үчүн потенциалды көрүп турабыз, бирок экономикабызга таасирин тийгизбей койбой турган глобалдуу тренддер да жок эмес», – деп белгилеп өттү ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Жогорку экономика мектебинин (ЖЭМ) Соода саясаты институтунун директору Александр Данильцев ЕАЭБ өлкөлөрү жана Бирликтин негизги өнөктөштөрү – бул, биринчи кезекте, соода-экспорттук улуттар, алар экспортко кызыкдар жана эл аралык сооданын динамикалык өнүгүшүндөгү линияга карманышат. Ошону менен бирге Бирликке объективдүү себептерге – бир катар экономикалык каатчылыктын кесепеттерине, ошондой эле субъективдүү себептерге – АКШнын саясатына байланышкан терс факторлор таасирин тийгизерин баса белгиледи.

«Соода кагылышы – бул согуштан кийинки мезгилдеги шарттар үчүн болгон күрөш, – деп белгиледи Александр Данильцев. – Азыр АКШ соода өңүтүнөн алганда күч ыкмалары менен башкы оюнчу үчүн либералдаштыруунун жаңы толкунуна андан ары өтүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулуп жатат, албетте, бул эл аралык соода үчүн терс фактор болуп саналат».

Эксперттин айтуусу боюнча, ЖЭМ изилдөө жүргүзүп, анын натыйжасында: ЕАЭБ түзүлгөндөн жана «бешилтиктин» бардык өлкөлөрүндө бирдиктүү рынок калыптангандан кийин 2001-жылдан тартып терс тенденция айкын болгондугуна карабастан сооданын сапаттуу көрсөткүчтөрүнүн секириги болгону аныкталды.

«Сооданын стабилдүүлүгүнө жана динамикалык өнүгүүсүнө кызыкдар болгон мамлекеттердин биримдигин сактоо өтө маанилүү. Келечекте – инвестициялоону, б.а. жөн гана соода боюнча өз ара аракеттенүү болбостон, ресурстар менен алмашуу үчүн шарттарды түзүүнү кошкондо кызматташтык тууралуу кыйла терең макулдашууларды түзөбүз. Сооданы либералдаштыруу интеграциялык компонентсиз анча натыйжалуу эмес. Интеграциялык өз ара аракеттенүү адам капиталын өнүктүрүүгө багытталууга тийиш», –деп корутундулады Александр Данильцев.

Дүйнөлүк соодадагы жана ЕАЭБдин соода саясатындагы протекционисттик чаралардын таасири жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын  соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина айтып өттү. «Колдо болгон баалоолор боюнча товарлардын дүйнөлүк экспортунун 3%га чейинкиси «санкциялык алмашуунун» коргоо чараларына тушукту, – деди Вероника Никишина. – Бул цифра өсүшү ыктымал, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга пропорционалдуу терс натыйжасын берет – товарлардын кыймылы аз, камсыздандыруу, каржылоо, ташуу ж.б. аз болот».

Ар кандай баалоолор боюнча, тарифтик кагылыштар дүйнөлүк товар импортунун 8,3%ына чейин тиешелүү болушу мүмкүн, бул 2017-жылдагы сооданын жалпы өсүү көрсөткүчү менен салыштырмалуу. Эл аралык соода укугунун жалпы таанылган ченемдерин тоотпогондук менен чектөө чаралары көрүлгөн учурда кооптуу кырдаал жаралат. Мындай волюнтаризм туруксуздукту жаратат, өзүнүн артынан акталган жооп иретиндеги аракеттерге алып келет. Соода кагылыштарынын толук жеңүүчүлөрү болбойт, алардын катышуучулары чындыгында дайыма жеңилүүчүлөрдөн болушат.

«Биз ЕАЭБдин ичинде да, тышкы өнөктөштөрүбүз менен да – бирдей жана өз ара пайдалуу шарттарда ак ниет иштөөгө даяр болгондор менен интеграцияны тереңдетүү ниетиндебиз, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Биз АТР регионунун өлкөлөрү менен кызматташтыкты тереңдетүүнүн шексиз максатка ылайыктуулугун көрүп турабыз. Мында объективдүү фактор бир кыйла маанилүү болуп турат – АТЭКтин катышуучу экономикалары менен соода кылуу ЕАЭБдин тышкы соодасынын көлөмүнүн үчтөн бирин түзөт. Бирок мамилелерибиздин жакындыгы да маанилүү болуп саналат. Ошону менен бирге биз башка ири рыноктор менен да диалог үчүн ачыкпыз. Бул жерде эч кандай күмөн жок, сөз ЕБ жана АКШ тууралуу болуп жатат».

Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин россиялык бирлигинин (ӨИРБ) президенти Александр Шохиндин пикири боюнча, дүйнө жүзү чоң өзгөрүүлөр баскычында турат, бир жагынан, көптөгөн жылдар аралыгында ачыктыкка жана либералдаштырууга карата курс жар салынып келсе, экинчи жагынан, акыркы убакта мамлекеттер тарабынан көрүлгөн протекционисттик чаралардын саны ылдам өсүп кетти.  

«Америка администрациясынын иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттер тышкы сооданы жана инвестицияларды глобалдаштыруудан, либералдаштыруудан баш тартып жатышат. «Америка баарыдан мурда» – бул тендендияны бузган чакырык, – деп белгиледи Александр Шохин. – Мында биз мурда жетишилген сүйлөшүп-келишүүлөрдүн бузулгандыгына карабастан, Тынч океан аралык өнөктөштүктүн калган он бир мүчө өлкөсү ушул өнөктөштүктө болгондун бардыгын сактоо менен жаңы макулдашууга кол койдук».
 
Ал БСУнун компетенцияларынын бөлүгүн өздөрүнө алган, же болбосо инвестициялык саясат, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо бөлүгүндө алардын чегинен чыгып кетишкен жаңы регионалдык өнөктөштөрдүн пайда болушунан улам БСУ өзүнүн таасирин жогото баштагандыгын да белгилеп кетти. Александр Шохин эркин соода зонасы негизги аспаптардын бири болуп кала беррин ишенимдүүлүк менен айтып өттү. Бүгүнкү күндө кеминде 300дөй мындай аракеттеги зоналар бар, алардын 83 – АТР өлкөлөрүндө жана 97 – Европада, ошону менен бирге мындай макулдашуулардын саны такай өсүп жатат. Экинчи жагынан, көптөгөн соода зоналары кээде «спагетти табагы» натыйжасына алып келет, анткени бир эле убакта көптөгөн мындай макулдашуулар болот.

«Универсалдуу институттардын жогорку статусун сактоо менен биз өткөөл процессти жеңип чыгууну жана көп сандаган өнөктөштүк өзүнө БСУга салыштырганда алгылыктуу нерселерди камтып, бирок жыйынтыгында БСУнун мандатынын кеңейишине алып келишин каалар элек», – деп жыйынтыктады Александр Шохин.

Дүйнө жүзүндө протекционизм күчөп жаткан шарттарда ЕАЭБ менен АТР өлкөлөрүнүн кызматташуусун тереңдетүүнүн зарылдыгы тууралуу Россия экспорттоо борборунун (РЭБ) башкы директору Андрей Слепнев айтып өттү.

«АТРде сооданын өз стандарты пайда болду, регион чындыгында эркин сооданын борбору болуп саналат, негизги агым ушул каналдар боюнча өтөт, – деп белгиледи РЭБдин өкүлү. – Эгер биз АТРдегы интеграция тууралуу айта турган болсок, албетте, биз каалайбызбы же каалабайбызбы, эркин соода режимине өтүшүбүз керек. ЕЭК тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Вьетнам менен макулдашуу түзүлгөн, кезекте – бир катар башка өлкөлөр турат. Албетте, мындай түрдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнөкөй маселелерден эмес, бирок альтернатива жок шекилдүү».

«Евразияны таанып-билебиз» ассоциациясынын президенти Антонио Фаллико, өзүнүн жаш экендигине карабастан, ЕАЭБ бара-бара Атлантикадан тартып Тынч океанга чейинки бүтүндөй Кең Евразия мейкиндигинде конструктивдүү кызматташтыктын маанилүү звеносунан болуп калат деген ишеничин билдирди.

«ЕАЭБ Кең Евразиянын бирдиктүү, жок дегенде, биргелешкен экономикалык мейкиндигин куруунун зарыл катышуучусу болуп калууда. Бул аймак Европа менен Азиянын ортосундагы көптөгөн ишенимдүү, аскердик-саясий тобокелдиктерден ажыратылган транспорт коридорлорунун бири болуп саналат. Катышуучу өлкөлөр атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүүчүлөрдөн, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуучу борборлордон болуп калууда, – деп белгиледи Антонио Фаллико. – Мындай шарттарда ЕАЭБ менен башка регионалдык бирикмелердин, айрым өлкөлөрдүн жана өлкөлөрдүн топторунун ортосундагы диалог өзгөчө мааниге ээ».

Ал АСЕАН, Кытай, Египет, Иран жана башка мамлекеттер менен бизнес үчүн эң мыкты перспективаларды ачып жаткан эркин соода зоналарын түзүү жөнүндө диалог жемиштүү өнүгүп жаткандыгын баса белгилей кетти. Тилекке каршы, азырынча бул бир катар саясий себептерден улам техникалык деңгээлдеги сейрек алакалар менен гана чектелип, ЕАЭБ менен толук баалуу диалогдон карманып жаткан Евробирлик менен мамилелерибизде болбойт.

«Мындай диалог бири-бирибизге түшүнүктүү болгон рынок оюндарын белгилөө үчүн жана биргелешкен жөнгө салуу ченемдерин иштеп чыгуу үчүн чыккан Европа бизнесинин кызыкчылыгында болсо болмок, – деп билдирди Антонио Фаллико. – Бул ага ЕАЭБ рынокторунда жемиштүү иштөөгө, Европага евразиялык өнөктөштөрдү жана долбоорлорду тартууга жана алар аркылуу Азиянын ырааак өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууга жардам берет. Европа бизнесин тандоо маанилүү – бүтүндөй Евразия мейкиндигинде – Атлантикадан Тынч океанга чейин – рыноктогу оюндардын биргелешкен эрежелерин иштеп чыгууга умтулуу керек – жана анда жаңы тоскоолдуктарды жаратпоо кажет. Тоскоолдуктардын санына Брюсселдин диалогго келүүгө кыр көрсөтүп каалоосу жоктугун да кошууга болот, кыязы, бул жаш уюм чачырап кетет деген ойдо окшойт».

Бул тезиске жооп кылып Тигран Саркисян Европа саясатчыларынын Евразия бирлигинен айырмаланып европалык бизнестин үнүн укпай жаткандыгын белгилеп кетти. «Биз жабык эмеспиз, сиздер үчүн ачык бойдон калабыз. Биз жалпы эрежелерди, стандарттарды түзөбүз, бул мейкиндикти курабыз», – деп баса белгиледи ал.

Антонио Фаллико айткандай, ЕАЭБ ачыктыгын, тең укуктуу диалогго даяр экендигин көрсөтүп, бирок ошону менен бирге эле экономика жаатындагы карасанатай кадамдардан коргонушу абзел. «Болушунча көп сандагы өлкөлөр жана бирикмелер менен эркин соода зоналарын түзүү, ири долбоорлорду жандоо, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу, эл аралык эмгекти бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү – мына заманбап шарттардагы эң мыкты стратегия. Эгерде рыноктун бири жабылып жатса, башкасын издөө керек, – деп жыйынтык чыгарды Антонио Фаллико. – Катаал шарттарда бири-бирибиздин экономикага колдоо көрсөтүшүбүз керек. Мына ушинтип өндүрүштүк чынжырчаларды түзүүгө, эмгекти бөлүштүрүүдөн келип чыккан жыргалчылыкты сактоого, натыйжалуу экономикалык жаңы моделди курууга болот».

Корея эл аралык экономикалык саясат институтунун президенти Ли Чже Йон соода байланыштарын кеңейтүү боюнча Түштүк Кореянын пландары тууралуу билдирди. Анын айткандарына караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн экспортунун пайыздык катышында Кытайдын үлүшү 40% чамасындайды түзөт, мындай концентрация экономика үчүн коркунучтуу. Ли Чже Йон ЕАЭБ менен Түштүк Кореянын эркин соода зонасы тууралуу макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугунун техникалык негиздемеси даяр экендигин эске сала кетти, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр создугуп кеткендигине карабастан, ал алардын жакын арада аягына чыгаарына үмүтү артып жаткандыгын билдирди.

Маалымдама
Чыгыш экономикалык форуму 2015-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келүүдө жана дүйнөлүк экономиканын өзөктүү маселелерин, регионалдык интеграцияны, өнөр жайдын жаңы тармактарын жана технологияларды өнүктүрүүнү, ошондой эле Россиянын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн алдында турган глобалдык чакырыктарды талкуулоо аянтчасы болуп саналат. Форумдун ишинин программасына Азия-Тынч океан регионундагы алдыңкы өнөктөш өлкөлөрү, ошондой эле АСЕАН – Түштүк-Чыгыш Азиянын активдүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн негизги интеграциялык топтору менен болгон бир катар бизнес-диалогдору кирет.