Sign In
ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды

ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды

12.10.17

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия эономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого даяр. Бул тууралуу Евразия экономиалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин   2017-жылдын 11-октябрындагы жыйынтыктарында билдирди.

11-октябрда Сочиде (Россия) Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отурум болуп өтөт. Отурумга Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев,  Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукащенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана  Кыргыз Республикасынын Премьер министри Сапар Исаков катышышты.

Владимир Путин отрумуду ачып жатып, төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Биримдик ийгиликтүү иштеп, өнүгүүдө деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Интеграция биздин мамлекеттерибиздин экономикалык өсүш арымына алгылыктуу таасирин тийгизүүдө”. Россия Президентинин сөзү боюнча, ЕАЭБ үчүн стратегиялык маанилүү тармактарда туруктуу алгылыктуу динамиканы белгилөөгө болот: “өнөр жайда өсүш 2,4%, айыл чарбасында  дээрлик –  1% түзгөн,жүк жана жүргүнчү ташуулар тиешелүүгүнө жараша 6,9 жана  7,8%  кеңейген”. Мындан тышкары, Биримдиктин тышкы соода көлөмдөрү 26% өссө, экспорттук-импорттук операциялар 77млрд  АКШ доллардан  ашкан. Мында машиналардын жана транспорт каражаттарынын үлүшү 17,5% жеткен. Энергетикалык товарлардын салыштырма салмагы 28% чейин төмөндөгөн.

Россия Президенти ЕАЭБга мүчө мамлекеттер ортосунда товар жүгүртүүнүн 30%  өсүшү - “биздин Биримдик алкагында бирдиктүү рынок жана жалпы экономикаоык мейкиндик түзгөндүгүбүздүн жемиши” экендигине толук ишенет.

Россия Федерациясынын Башчысы биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда товарларды, жумушчу күчүн,кызматтарды жана капиталды эркин жылдырууга тоскоолдук кылган чектөөлөрдү четтетүү боюнча системалуу ишти улантуу зарыл экендигине ишенет. Өнөр жай, агро өнөр жай , энергетика, техникалык жөнго салуу чөйрөсүндө тоскоолдуктарды жоюу боюнча “жол карталарын” иштеп чыгууну ылдамдатуу зарыл.

ЖЕЭК журушундо бир катар манилүү чечимдер кабыл алынган
Евразия экономиаклык биримдигинин санарип күн тартибин 2025-жылга чейин ишке ашыруунун негизги багыттары бекитилди. Документте Биримдик мамлекеттеринин санарип чөйрөсүндө кызматташтыгынын максаттары, милдеттери, багыттары жана механизмдери аныкталган. ЕЭАЭБ өлкөлөрүнүн Өкмөттөрүнө Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте санарип күн тартибинин алкагында демилгелерди иштеп чыгуу тапшырылган.

“Биримдик өлкөлөрү өз стратегияларында жана экономикаларды өнүктүрүү программаларында экономиакнын санарип трансформациясынын чакырыктарына жооп даярдоо боюнча бир катар милдеттерди чече башташты”- деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян. - бирок мүчө мамлекеттердин санарип чөйрөсүндөгү макулдашылган саясаты Биримдик өлкөлөрүнүн санарип экономикасын өнүктүрүүдө синергетикалык натыйжаларды алуу булагы болуп калышы мүмкүн.”
санарип долбоорлордун жана дмилгелердин салымы ЕАЭБнын 2025-жылга карата ИДӨсүнүн күтүлүп жаткан чогуу алгандагы өсүшү 11%  чейинкини түзүшү мүмкүн деп эсептешет Дүйнөлүк банктын эксперттери. Эгерде Биримдик өлкөлөрү санарип күн тартибин ишке ашыруу боюнча өз аракеттеринин айкалышуусун камсыз кылышпаса, анын ИДӨ өсүшүнө кошкон салымы олуттуу төмөн болушу мүмкүн, “Биз биздин өлкөлөрдө кеңири жыйылтылып калган мыкты тажрыйбаларды колдонуу менен, жалпы евразиялык санарип мейкиндикти өнүктүрүүнө бири - бирибизге көмөктөшүү менен бир багытта кадам шилтөөбүз зарыл. Болбосо биз географиялык жактан эмес, технологиялык принцип боюнча бөлгөн жаңы тоскоолдуктарга дуушар болобуз жана товарлар менен кызматтардын жылышын татаалдаштырабыз”,-деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Биргелешип иш жүргүзүү Биримдик өлкөлөрүндө жаңы жумуш орундарын, тармактарды  ачууга, коомдун жашоосунунбардык чөйрөлөрүндө санарип кайра жаралуулардын эсебинен бизнестин атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин санарип трансформациянын глобалдуу,макроаймактык жана аймактык процесстерге кошулушуна,товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жылышына өбөлгө түзөт.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө санарип экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп, экономика тармактарынын жана рыноктордун санарип трансформациясы, интеграциялык процесстердибашаруунун заманбап технологияларын жана инструменттерин жайылтуу, санарип инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле маалыматтарды жана коммуникация каналдарын коргоо саналат.
Кийинки жылдан тартып эксперттер ЕАЭБнын эки же андан аык өлкөсүнө кызык болгон сунуштарды чогулта башташат жана демилгелерди иштеп чыгууга даяр болушат. Эксперттик топтун иш жыйынтыктары ЕЖК Кеңешинин жана бардык улуттук өкмөттөрдүн өкүлдөрүнүн  колдоосуна ээ болгон учурда жактырылган демилгелердин негизинде атаандаш долбоорлор башталат. Артыкчылык берүү тартибинде электрондук сооданы, транспорттук коридорлордун санарип инфраструктурасын өнөр жай кооперациясында жаңы технологияларды пайдалануу менен өнүктүрүүгө, ошондой эле санарип байкоолорго байланыштуу демилгелер каралат.  Санарип трансформациянын алкагында биргелешкен иштин маанилүү бөлүгү болуп, ЕАЭБда маалымат жүгүртүү жөнүндө келишимди даярдоо жана Биримдиктин регулятивдик аянтчалар системасын түзүү саналат.

ЕАЭБнын Санарип күн тартибинин негизги жоболорунун долбоорлорун талкуулоонун жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев 2018-жылы ЖЕЭКтин отурумун жана Биримдик өлкөлөрүнүн санарип маселелерине арналган адистештирилген форум өткөрүүнү сунуштады.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жогорку технологиялар жагында кызматташтыгына Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отрумунда кабыл алынган, космостук аппараттарды жана жр инфраструктурасын биргелшип пайдалануу программасын иштеп чыгуу жөнүндө буйруу мисал боло алат. Президенттер тарабынан жактырылган документте Жерди аралыктан зондирлөөнүн улуттук маалымат булактарынын негизинде  космостук жана геомаалыматтык кызматтарды сунуштоо чөйрөсүндө өнөктөштүк каралган.
Биримдик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун базасы болуп, “Космостук жана геомаалыматтык технологиялар”  вразия экономикалык платформасы саналат, ал алдыңкы аэрокосмостук ишканалардын жана ЕАЭБ илимий - изилдөө институттарынын колдоосу менен Комиссия тарабынан 2016-жылы түзүлгөн. Космостук аппараттарды жана жер инфраструктурасынын иштеп турган топторунун интеграциясы боюнча мамлекет аралык программа 2018-жылдын 1-ноябрында иштелип чыккан. жумушчу топ түзүлүп, ага Биримдик өлкөлөрүнүн аэрокосмостук  ведомстволорунун өкүлдөрү киришкен. Би жумадан кийин “Казакстан Республикасынын космос күнү” форумунун алкагында бул топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Космостук аппараттардын биргелешкен орбиталык тобун коммерциялык пайдаланылышын башкарууну өзүнө алган жана дүйнөлүк рынокко чыгуу боюнча маркетингдик стратегияны иштеп чыга турган космостук жана геомаалыматтын бириккен  операторун түзүү мүмкүнчүлүгү каралат.  А кандай тейлөлөрдү сунуштаган (ЧСга мониторинг жүргүзүү, пайдалуу кендерди издөө жана казуу,курулуш, экология) маалымат порталынын  ачылышы бул программанын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Үчүнчү баскычта кооперациялык сериялык өндүрүш баштылышы жана ЕАЭБнын чакан космостук аппараттарын ишке киргизүү. Спутникти түзүүдө максаттуу аппаратураларды,кызматтык платформаларды өндүрүүнүн аддитивдүү технологияларды, Биримдик өлкөлөрүнүн улуттук өндүрүүчүлөрүнүн борттук  истемаларын жана комплекстерди долбоорлоонун жана өндүрүүнүн жаңы санарип технологиялары пайдаланылат. Биримдик ишканаларынын өнөр жай кызматташтыгы радиоэлектрондук өнөр жайды жана композициялык материалдады өндүрүүнү күчтүү түрткүсү жана бүтүндөй ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маанилүү өсүш драйвери болуп калат. Мындай спутниктерди серия менен өндүрүү 2023-жылдан тартып эле башталышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин мүчөлөрү өз маанилүүлүгү боюнча Биримдик жөнүндө келишимден кийинки экинчи маанилүү болуп саналган, ЕАЭБнын Бажы кодексин ратификациялоонун жүрүшүн талкуулашты. Документте бизнес үчүн көптөгөн пайдалуу жаңы нормаларды камтыйт. “ЕАЭБнын Бажы кодексинин күчүнө кириши бажы технологияларын маалыматтык рельстерге которуу үчүн кубаттуу таасир болуп саналат жана укук колдонуу тажрыйбасында топтолгон көптөгөн көйгөйлөрдү четтетет.” - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян.

Бажы кодекси масштабдуу жана бир эле учурда бажы жөнгө салуусун өзгөртөт. Бул көптөгөн жарандарга жана көпчүлүк ишкерлерге түздөн - түз тиешелүү. Ушуга байланыштуу, мамлекет башчылары коомго кодекстин негизги жоболору жана анын күчүнө кирген күнү тууралуу алдын ала маалымдоо зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурушат. ЖЕЭКнын  Бажы кодекси 2018 -жылдын башталышынан тартып күчүнө кирээри болжолдонууда. Учурда Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө документ парламентке жөнөтүлгөн жана ушинтип аны ратификациялоо жол - жобосу башталган.

Кийинки үч жылга ЕАЭБ Сотунун Төрагасы болуп, Казакстан Республикасынын өкүлү Жолымбет Баишев, анын орун басары болуп - Армениянын өкүлү Эрна Айриян дайындалышты.

ЖЕЭБ чечими боюнча Россия Федерациясы 2018-жылы Биримдик органдарында -   Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылат.