Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоого киришет

ЕАЭБ өлкөлөрү Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоого киришет

13.04.17

11-апрелде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюу баскычы аяктады. ЕАЭБ өлкөлөрү документти ратификациялоонун алдында өткөрүлүүчү мамлекет ичиндеги процедураларга киришет. Жаңы Бажы кодекси (БК) Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) бардык беш катышуучу-өлкөлөрдөн Келишимди ратификациялоо тууралуу билдирүү алгандан кийин күчүнө кирет.

ЕАЭБ Бажы кодекси - Биримдиктин ченемдик-укуктук базасынын  негизги документтеринин бири. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимде бажылык жөнгө салуу ЕАЭБтин Бажы кодексине ылайык жүзөгө ашырылат деп жазылган. Ал Бажы биримдигинин колдонуудагы Бажы кодексин жана экономикалык интеграциянын - Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин баштапкы баскычтарынын келишимдик-укуктук базасын түзүүдө бекитилген, бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды алмаштырат.

ЕАЭБ Бажы кодекси Биримдикте бажылык жөнгө салуунун унификациясынын жана макулдашкандыгынын деңгээлин көтөрөт. “Эми көптөгөн процесстер автоматташтырылат, - деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян. - Ишкерлердин жана бажы кызматкерлеринин баарлашуусу минимумга түшүрүлөт.  Документти биздин бизнестин өкүлдөрү чыдамсыздык менен күтүшкөн. Бажы кодекси күчүнө киргенден кийин биз ЕАЭБте бизнес-климат олуттуу жакшыруусун күтөбүз”. 

Документ Биримдикте тышкы экономикалык ишмердүүлүктү бажылык башкаруу системасын “кагаздык” түрдөн электрондук технологияларга өтүүсүн мыйзам түрүндө бекемдейт. Мындай мамиле бизнестин ресурстарын бир кыйла үнөмдөйт, бажы процедураларын өтүүнү тездетет, ошондой эле бардык баскычтарында - декларацияны каттоодон баштап товарлардын чыгышына чейин - чечим кабыл алууда “адамдык факторду” дээрлик жокко чыгарат. 

Жаңы БК үстүндө иш үч жыл жүргүзүлгөн. ЕАЭБ Бажы кодекси бардык баскычтарында Комиссия жана бардык беш катышуучу-өлкөлөрдүн маморгандары жана бизнес-коомчулугу менен биргеликте иштелип чыгарылган, Биримдиктин ченемдик-укуктук базасындагы биринчи келишим болду.  Буга чейин бизнес мындай деңгээлдеги документти иштеп чыгууга мамлекет ичиндеги макулдашуу баскычында гана катышкан.