Sign In
Тиричилик газ приборлору коопсузураак болмокчу

Тиричилик газ приборлору коопсузураак болмокчу

13.07.20

ЕЭК Кеңеши "Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына киргизди.

Ага имараттардын ичинде колдонулуучу, газ пайдалануучу жабдууларда күйбөгөн газдын топтолушунун алдын алуучу түзмөктүн милдеттүү түрдө болушу жөнүндө ченемди киргизүү пландаштырылууда. Бул тиричиликтеги тобокелдиктиреди азайтат, тамак-аш даярдоо жана жылытуу үчүн газ приборлорун, жылытуучу жана суу жылытуучу газ аппараттарын пайдаланууда өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун алдын алууга жардам берет.

Өзгөртүүлөрдүн жооптуу иштеп чыгуусу болуп Россия Федерациясы аныкталды. Документти ички мамлекеттик макулдашууну 2021-жылдын төртүнчү кварталында аяктоо каралган.​